Ош: Киши колдуу болгон адамдын өлүмүнө шектелген 25 жаштагы жаран кармалды

Сүрөт: ӨКМ

Ош ШИИБи 25инен 26-декабрга караган түнү киши колдуу болгон адамдын өлүмүнө шектелген 25 жаштагы жаранды кармады. Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө кылмыш жасалганга чейин мас абалында болгонун билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, түштүк борбордо киши колдуу болгон жарандын өлүмүнө шектүү катары 27-декабрда маркумдун 25 жаштагы кошунасы кармалган.

«27-декабрь күнү түштөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 1992-жылы туулган кошунасы кармалды. Анын атыймында, ал буга чейин соттолгон эмес», — деди Сыдыков.

Сыдыковдун айтымында, айыпталуучу көрсөтмө берип жатып, кылмыш жасаганга чейин алкоголдук ичимдик колдонгонун билдирген.

«Түнү короонун тосмосунан ашып өтүп, үйүнѳ кирип бардым. Эшиги бекитилбеген экен. Үй ээси мени кѳрүп, мени менен кармашып кетти. Колума үйдѳгү бурагыч тийди эле, аны менен кѳкүрѳк жакка бир уруп жибердим. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы үнү чыкпай калганча урдум», — деп айыпталуучу кылмыш жасалган күндү айтып берген.

Кылмышка шектүү үйдүн өрттөлүшүн бѳлмѳдѳгү мештин кулап кеткендиги менен түшүндүргөн.

Ош шаарында 26-декабрга караган түнү эркек кишиден өз үйүндө белгисиз адамдар акча талап кылышып, сабап, андан кийин үйүн өрттөп кетишкен. Алган жараатынан улам шаар тургуну көз жумган. Шаардык милиция «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

 


ТЕМА БОЮНЧА: