Түлөбердиев Маммүлк фондусунун башчысы болуп дайындалды

Премьер-министр Сапар Исаков Ренат Түлөбердиевди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун (ММБФ) төрагалык кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Түлөбердиев бул кызматка Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келди.

Премьер-министр Түлөбердиевди дайындоо боюнча жарлыкка 29-декабрда кол койду.

Ал өзүнүн эмгек жолун 2005-жылы Мамлекеттик резиденцияда протокол кызматынын начальниги болуп иштеп жүрүп баштаган.

Бир жылдан кийин ал президенттин иш башкармалыгынын алдында иш-чараларды уюштуруу боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп калган.

Ал эми 2009-жылы президенттин администрациясында иштей баштаган. Бир жылдан кийин Түлөбердиев Мамлекеттик резиденцияда президенттин иш башкармалыгын жетектеп калган.

Төрт жыл өткөндөн кийин аны Кыргызстандын Стамбулдагы консулу кылып дайындашкан.

2016-жылдын февралында ал президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА: