Депутат «жаманатты кылган маалымат» үчүн кун өлчөмүн 20 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ар-намыс менен ишкердик беделге акарат кылган жана анын ичинде коомдук тармактардагы ачык жарыялар үчүн айып пулдун минималдык өлчөмүн 20 миң сом кылып бекитүүнү сунуштоодо.

«Клооптун» редакциясы депутат Дастан Бекешевдин мыйзам долбоорун туура эмес түшүндүргөнү үчүн кечирим сурайт. Ал штраф салбай эле жабыркаган арыз берүүчүнүн пайдасына кун төлөтүп берүүнү сунуштаган.

Бекешевдин пикиринде, ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик беделди коргоо боюнча мыйзамдын учурдагы редакциясы кайра толукталып иштелип чыгууга муктаж. Анткени «кемсинтип акарат кылган маалыматтарды» жайылтуунун коомдук тармактарда жаңы түрлөрү пайда болгон.

Бекешевдин мыйзам долбоорунда ушул жагдайларга көп көңүл бурулган. Эгерде «кемсинткен» маалымат жалпы пайдаланууга жайгаштырылган болсо, төгүнгө чыгаруу дагы бардык колдонуучулар үчүн ачык болушу зарыл.

Ошондой эле, баракчада төгүндөө узак убакытка чейин өчүрүлбөй жарыя болуп турушу керек.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-катында «ал интернетти жөнгө салууга багытталган эмес» деп айтылат.

Бекешев ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыздарынын кунунун минималдык өлчөмүн 20 миң сом кылып бекитүүнү сунуштады. Бирок арыз берген адам өз каалоосу менен аз өлчөмдө кун же бир гана төгүндөөнү талап кылуу менен чектелиши мүмкүн.

«Сотто жабыркаган тарапка 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин аз өлчөмдө ыйгарылган тажрыйба түзүлүп калган. Мындай тажрыйба жаранга толук түрдө өзүнүн ар-намысын коргоого мүмкүндүк бербейт», — деп эсептейт депутат.

Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде гезиттер, телевидение, радио, интернет-тарамактар аркылуу таратылган маалыматтар жаман аттуу кылган деп таанылса анда алар кийинчерээк бардыгына жеткиликтүү ачык төгүндөө жарыя кылуулары керек.

Эгерде арыз берүүчү жоопкер-басылма жабылып калган учурда сотко кайрыла турган болсо деле, ал төгүндөөнү башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо үчүн 10 миң сом төлөтүп алганга укуктуу.

Бекешев мыйзам долбоорун парламентке кароого киргизди.


ТЕМА БОЮНЧА: