Эмне себептен бийлик балдар жөлөкпулу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр үчүн талашып-тартышууда? Түшүндүрөбүз

Сүрөт: Рустем Ильясов/Kloop.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары 14-мартта биринчи окууда мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырышты — айрым депутаттар өзгөртүүлөр мыйзамдын эски текстин кайталайт же аны биротоло жаман кылууда деп эсептешет. Өзгөртүүлөрдүн айланасында эмне үчүн ушунчалык талаш жаралганын айтып беребиз.

Биринчи кырдаалды түшүнүш үчүн 2009-2017-жылдардын жөлөкпулдары жөнүндө мыйзамы кандай иштегенин жана өзгөртүүлөрдө эмне сунушталып жатканын көрүңүз:

2009-жылдын мыйзамы

2017-жылдын мыйзамы

2018-жылдагы өзгөртүүлөр

• Эгерде үй-бүлөөнүн кирешеси бир адамга 900 сомдон ашпаган болсо 16 жашка чейинки балдар үчүн жөлөкпул;

• Бала төрөлгөнү үчүн 2700 сом өлчөмүндө бир жолку жардам.

Эмне үчүн өзгөртүшкөн: «Коррупциялашканынын» айынан. Эмгек министрлигинде үй-бүлөөлөрдүн көпчүлүгү жөлөкпул алып туруш үчүн киреше жөнүндө ырастаманы жасалмалашкан деп айтышкан.

• Эгерде үй-бүлөөдө үч адамдан көп болсо 3 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн («үй-бүлөөгө көмөк») ай сайын жөлөкпул;

• Бала төрөлгөнү үчүн 4000 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам («сүйүнчү»);

• 3 жашка чейинки балдар үчүн кандайдыр бир шарттары жок ай сайын жөлөкпул («балага жөлөк»).

Эмне үчүн өзгөртүүнү каалашууда: Үй-бүлөөдө балдардын саны жөнүндө шарттын айынан көптөгөн муктаж үй-бүлөөлөр жөлөкпулсуз калышты. Мындан тышкары, бул мыйзам бюджет үчүн абдан кымбат.

• 16 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын жөлөкпул, бирок «муктаж» үй-бүлөөлөр үчүн гана — «муктаджык» даражасын жергиликтүү органдар аныкташат (2009-жылдагы мыйзамдын жөлөкпулуна окшош өзгөртүлгөн «үй-бүлөөгө көмөк»).

• Бала төрөлгөнү үчүн 4000 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам («сүйүнчү»);

• «Балага жөлөктү» алып салуу.

Жөлөкпул жөнүндө эмне деген мыйзам?

2017-жылдагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдын версиянын парламент жактырып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Аны кабыл алууга эки ай убакыт кеткен, ал эми айрым депутаттар мыйзамды «шайлоо алдындагы оюндар» деп аташкан.

Бул мыйзам бала төрөлгөндө бериле турчу бир жолку жардамдын («сүйүнчү») өлчөмүн көбөйтүп, 3 жашка чейинки балдардын бардыгына жана көп балалуу үй-бүлөөлүлөрдөгү 3 жаштан 16 жашка чейин балдар үчүн жөлөкпулдарды киргизген.

Бийлик 2018-жылдын январынан тарта 4000 миң сом өлчөмүндө «сүйүнчү» төлөй баштаган, ал эми башка жөлөкпулдар — жок.

2017-жылдын мыйзамынын версиясы боюнча, жөлөкпулдарды 3 жаштан 16 жашка чейинки көп балалуу үй-бүлөөлөр алышы керек болчу, бирок мурда аларды муктаж үй-бүлөөлөрдөгү ар бир балага төлөп беришчү — бул калктын арасында нааразылыктарды жараткан, ошондуктан депутаттар 2017-жылдын аягында бул жөлөкпулдарды төлөөнү үч айга жылдырышкан.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ошондо 2017-жылдын мыйзамы «чийки» жана аны иштеп чыгыш керек деп билдирген. Анын пикири боюнча, жөлөкпулдарды үй-бүлөөсүндө экиден ашык балдары барларга эмес, чындыгында ага муктаж болуп жаткандарга гана бөлүш керек.

Азыр бул мыйзамды кандай кылып өзгөртүүнү каалашууда?

Биринчи окууда кабыл алынган 2018-жылдын өзгөртүүлөрүнө жөлөкпулдардын даректүүлүгүн кайтарууну сунушташууда — бул акчаларды жок дегенде бир баласы бар муктаж үй-бүлөөлөргө гана бөлүп берүү дегенди түшүндүрөт. Бирок «муктаждыктын» даражасын жергиликтүү бийлик аныкташы керек болот.

Ошол эле маалда 2017-жылдын мыйзамында депутаттар аларды берүүдө коррупцияны жоюу үчүн бул даректүүлүктөн арылышкан. Алар даректүүлүк системада айрым адамдар жөлөкпул алыш үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жөнүндө «жасалма аныктамаларды» алышкан деп эсептешкен.

Ошондо эмне үчүн даректүү жөлөкпулдарды кайтарууну каалашууда?

Эмгек министрлигинде 2017-жылдын мыйзамын кабыл алууда 30 миң бала жөлөкпулдарды эгерде алар төлөнө баштаса албай калышмак деп эсептешкен.

Бул мыйзамдын башка көйгөйү — бюджеттен кеткен чыгымдын көптүгү. Аны аткарыш үчүн мамлекет жыл сайын буга чейинкилерге салыштырмалуу 2 млрд сом коротууга аргасыз болуп калмак.

Ал эми өзгөртүүлөрүн эмнеси башкача?

Депутат Аида Касымалиева сунушталып жаткан өзгөртүүлөр 2009-жылдын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамын «толугу менен кайталайт», же аны биротоло «жаман кылууда» деп билдирген. Касымалиева мындай чечим жөлөкпулдарды бөлүштүрүүдө коррупцияга жана чырдын чыгышына алып келет деп эсептейт.

«Дайыма адамдык фактор болот. Тагыраак айтканда алар мыйзамды эч нерсе кылышпай эле 2009-жылдан мыйзамынын текстин калтырып коюшкан. Алар жөн гана "сүйүнчү" жобосун абдан эле үстүртөдөн кошуп коюшкан», — деди ал.

Эми натыйжада эмне болду?

Бийлик башында төлөп берүү процессин «коорупциялуу» деп атап, муктаж үй-бүлөөлөр үчүн даректүү жөлөкпулдардан баш тартышкан, андан кийин шайлоо өнөктүгү учурунда аларды дээрлик бардыгына төлөп берүүнү убада кылышкан.

Шайлоодон кийин өкмөт аларды «коррупциялуу» деп атабастан, даректүү жөлөкпулдарга кайтууну сунуштап, үй-бүлөөлөр менен балдардын көпчүлүк категориясы үчүн каражат төлөөгө акча жетпестиги жөнүндө билдирген.

Бирок эми «муктаждыктын» даражасы үй-бүлөөнүн кирешесинин (бир адамга 900 сом) деңгээли менен эмес жергиликтүү бийликтин сүбъективдүү чечими менен аныкталат.

¯\_(ツ)_/¯