Кара-Балтада мунайды кайра иштеткен Кытайдын «Жунда» заводу өз ишин убактылуу токтотту. Ал 2013-жылы ачылып, салык төлөөдөн качуу, эмгек укуктарды бузуу жана экологияга зыян тийгизүүгө байланыштуу бир катар чатактардын фигуранты болууга үлгүргөн. «Клооп» ишкананын чуулуу тарыхына көз жүгүрттү.
Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун иши токтотулгандгы тууралуу 6-ноябрда өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов айтып берди. Анын айтымында, бул сот иштерине жана салык төлөөдөн качууга байланыштуу.
Министрдин маалыматы боюнча, «Жунда» бюджетке 200 млн сомго чукул салык төлөгөн эмес. Ал мунай заводундагы кырдаалды «оор» деп атады.
Ачылган күндөн тартып бир нече жолу жабылганга үлгүргөн «Жунда» мунай заводу кайрадан качан ачылаары азырынча белгисиз.
Парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев заводдун ишинин токтотулушу Кыргызстандын мунайзат базарына анчейин күчтүү деле таасир этпейт деп эсептейт.
«Күйүүчү майлоочу майлар [Кыргызстанга] Орусиядан келет. Ал эми “Жунда” анчейин деле сапаттуу күйүүчү май чыгарбайт. Негизинен [ал жакта] газ өндүрүшөт», — деди депутат «Клооптун» журналистине курган маегинде.
Бирок 2017-жылы, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Куловдун баасы боюнча, Кыргызстанда күйүүчү майлоочу материалдардын баасы кытай заводу иштебей туруп калгандыктан көтөрүлүп кеткен.
«Жунда» кантип кылмыш ишинин фигуранты болуп калган?
Кытайдын мунай өндүрүүчү «Жунда» заводу 2013-жылы ишке кирген. Өкмөттүн планы боюнча, завод Кыргызстандын казак жана орус отун импортунан көз карандылыгын азайтышы керек болчу. Ал эми анын толук кубаттулукка чыгышы отунга болгон ички муктаждыктын 60 пайызын жабышы зарыл эле.
Бийлик ошондой эле, Кыргызстан жыл сайын «Жундадан» салык түрүндө беш млрд сомдон алып тураарын айткан.
Бирок «Жундада» көйгөйлөр чыга баштаган. Башында Кара-Балтанын тургундары менен. Алар 2014-жылы ишкананы экология зыйын тийгизип жатат деп айыптап чыгышкан, ошондуктан өкмөт заводду убактылуу жабууга аргасыз болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамагенттик ишкананы экологиялык талаптарды бузуп-бузбоого текшерип, бирок шектүү эч нерсе тапкан эмес.
2015-жылы мунай өндүрүүчү заводдун ишине каржы полициясы кызыгып, ал 54 млн сом өлчөмүндө салыктарды жашыруу боюнча мыйзам буузаларды аныктап, кылмыш ишин козгогон. Ага ишкананын башкы эсепчиси менен директордун орун басары фигурант болушкан. 2016-жылы январда алар кармалып, ал эми завод өз ишин бир айга токтоткон.
Бирок мунай заводунун айланасындагы териштирүү ишине депутаттар кийлигишип, алар каржы полициясынын аракеттерин сынга алышкан. Алар каржы полициясынын аракетин «чет элдик инвесторлорду коркутуу» деп аташкан. Ошондон кийин сот кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, алардан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алган.
«Жундадагы» салык төлөөдөн качуу тууралуу кылмыш иши боюнча териштирүү азыр да аягына чыга элек.
Эмне үчүн эл өкүлдөрү мунай өндүрүүчү заводго болулушкан?
Алар мунай заводдо иштин токтотулушу абага зыяндуу заттардын чыгышы менен коштолуп, экология чоң зыян тийгизет деп эсептешкен.
«“Жунда” заводу иштеш керек болчу. Мындай заводдорду, инвесторлорду колдош керек. Өз акчасын салган инвесторлорду биз жүдөтпөшүбүз керек», — деген Кожобек Рыспаев.
Ал «Жунданын» өзүнүн чийки зат базасы жок экенин, ошондуктан нефть казак жана орус базарларынан сатылып алынаарын кошумчалады. «Ошондон улам да кез-кезде ишин токтотуп жатышат», — деди ал.
Бирок экс-депутат Туратбек Мадылбековдун бул боюнча пикири башкача. Ал салык төлөөдөн качуу чатагынын артында парламенттеги жана өкмөттөгү жогорку кызматтын аткаминерлери турушу мүмкүн деп эсептейт.
«Азыр чет элден келген инвесторлор бийликтеги жетекчилердин “мен сага эч кимди тийгизбейм” деген убадасын алып алгандан кийин анан мына ошондой мыйзам бузууга барышат. [...] Анан эми каржы полициясы таап чыккан 54 миллион сом – бул бери жагы эле. Тыкыр текшерсе андан дагы көп нерселер чыгат», — деп айткан Мадылбеков 2016-жылы.
Кызматкерлердин эмгек укуктарына байланыштуу чуу
Салык төлөөдөн качуу боюнча териштирүү менен кошо «Жунданын» жетекчилиги кызматкерлердин эмгек укуктарын бузуу айыптарына байланыштуу да ишке катышууда.
«Жунданын» профсоюз уюмунун башчысы Нурбек Сулаймановдун айтымында, ишканынын кызматкерлери бир нече жылдан бери жетекчиликтен өндүрүштүн зыяндуулугу үчүн маянага кошумча акча төлөтө албай келишет.
«Эки-үч жылдан бери эле жумушчуларды зыяндуу шартта иштеткени үчүн кошумча акча төлөп берүүнү талап кылып келатабыз. Мындан сырткары маянаны теңдештирүү жана жумуш кийимдери менен убагында камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүп келгенбиз. Ошол коюлган талаптардын бирөө да аткарылган жок», — деди Сулайманов.