Бишкектин шаар куруу кеңеши мэрдин Ала-Тоо аянтында мурдагы башкы прокуратуранын имаратынын ордуна гүл бакча куруу жөнүндө идеясын колдон жок. Баш тартууну эс алуу бакчасы «кварталдын архитектуралык ансамблин бузуп коёт» деп түшүндүрүштү. Урбанисттердин бул боюнча ойлору кандай?
Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын 2010-жылы апрель революциясынын учурунда өрттөп кетишкен. Ошол бойдон бийлик анын тагдырын чече албай келет. Буга чейин ал жерге соода борборун же кеңсе имаратын куруу сунушталган. 2011-жылы имаратты жарнамалык баннер менен жаап коюшкан. Ал эми 2017-жылы Сейсмология институту аны «авариялык абалда» деп тааныгандыктан, имаратты оңдоп түзөөгө болбой калган.
Акыркы сунушту Бишкек мэри Азиз Суракматов берген. Ал жер алдында унаа токтотуучу жайы бар гүл бакча куруу демилгесин көтөргөн. Бирок шаар куруу кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна гүл бакча эмес, бийиктиги 7 кабат имарат куруу оң болоорун чечишкен.
Эмне үчүн прокуратуранын ордуна гүл бакча жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай керек?
Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна гүл бакча куруу «шаар борборунда температурдук көрсөткүчтү азайтууга», ал эми жер алдындагы унаа токтотуучу жай борбордо машина койгон жерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө жардам берээрин айтууда.
«Жайкысын [Ала-Тоо] аянтта ысык, ошондуктан [аянттын] жанына жашыл өтмөк аймагын уюштуруу [жаман болбос] эле», — деп эсептейт ал.
Алмамбетованын айтымында, мэр Суракматов шаар куруу кеңеши анын Бишкектин борборунда жашыл аймак уюштуруу идеясын колдобой койгонуна капаланган. «Биз, балким, дагы бир жолу шаар кууруу кеңешине сунуштап [гүл бакчанын долбоорун] көрөбүз», — дейт ал. Шаар куруу кеңешинин корутундусу рекомендациялык мүнөзгө ээ, ал эми курулуш боюнча акыркы чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алышат.
Бишкек мэриясы азырынча гүл бакча курууга канча каражат сарпталаарын билбейт. Бирок аталган долбоордо камтылган жер алдындагы унаа токтотуучу жай демилгенин эң кымбат бөлүгү болоорун айтышат.
Эмне үчүн шаар куруу кеңеши гүл бакчага каршы?
Шаар куруу кеңешинин мүчөсү жана «Архстройпроект» бюросунун директору Александр Клишевич эгер өрттөнүп кеткен имараттын ордуна гүл бакча пайда болсо, анда ал «композициялык чечимде тешик пайда кылаарын» «Клоопко» түшүндүрүп берди.
«Ошондуктан [шаар куруу кеңешинин көпчүлүк мүчөсү] бир пикирди [гүл бакча долбоорун жактырбоодо] карманышты. Борбор аянтынын [Ала-Тоо] өңүн сактап калыш керек», — деп түшүндүрөт Клишевич.
Анын айтымында, гүл бакча үчүн жакын жерде жайгашкан Агропромдун имаратынын артындагы жер ылайыктуурак. Ал жакта Борбордук архив, ресторан жана кесиптик лицей жайгашкан. «Бул имараттар эспланаданы [Агропромдун] бузат. Алар эски, түрү суук көрүнөт. [Ошондуктан] ал жерди гүл бакча кылып койсо болот», — деди Клишевич.
Бирок эгер ал жерде гүл бакча курулгудай болсо, анда Бишкек мэриясы аталган имараттарды сүрдүрүүгө аргасыз болот.
* Эспланада — чоң имараттын алдындагы ачык аянт.
Эмне үчүн шаар куруу кеңешинин чечими кош стандартка окшош?
Урбанист Атай Самыйбектин айтымында, Бишкекте архитектуралык жактан алып караганда жакшы аткарылган, бирок жалпы архитектурага түспөлдөш эмес объекттер көп. Аларга мэрияга жакын жайгашкан Жаштар аллеясындагы жаңы курулуштар, Түштүк магистралындагы көп кабаттуу үйлөр же Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Bai Tash Tower бийик имарат кирет.
Бул имараттардын бардыгы «архитектуралык ансамбль» эске алынбастан долбоорлонгон жана алардын курулушун Бишкек шаар куруу кеңеши жактырып койгон деп эсептейт Самыйбек.
Бул боюнча урбанисттер эмне дешүүдө?
«Клооп» сурамжыга алган урбанисттер шаар куруу кеңешмесинин гүл бакча куруу туура эмес деген чечимине макул.
Самыйбектын айтымында, шаар борборунда жаңы жашыл аймак уюштурууну максатсыз дейт. Себеби Ала-Тоо аянтынын жанында Эркиндик бульвары жана Панфилов паркы бар.
«Борбордук бөлүктүн жашылдандыруу деңгээли жетиштүү [...] Балким, жерди [башкы прокуратуранын ордундагы] башка максатта колдонуу оң болоттур. Ал шаарга салык же башка түрдө киреше алып келгидей болушу керек», — деп эсептейт Самыйбек.
Бул пикирге урбанист Улан Жапаров да кошулат. Анын айтымында, эс алуу багынын идеясы өзү «жаман эмес». Бирок ал аны башка жерге салуу керек деп ойлойт.
«Андан көрө ал жакта бардыгын сүрүп, жер алдында унаа токтотуучу жайы бар жаңы [имарат] курган оңой. Ал эми [гүл бакча куруу идеясы] бираз негизсиз. [Бишкек мэриясына] сүрдүрүүгө [өрттөнгөн имаратты] жана фундамент [маселесин чечүүгө] туура келет», — деп түшүндүрөт Жапаров.
ТЕМА БОЮНЧА: