Оппозиция көбүнесе Кыргызстандын учурдагы жана мурдагы президенттеринин ишине арналган «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» курултайын өткөрдү. Курултайдын жыйынтыгы боюнча, делегаттар өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдагы президенттик ишин канааттандыраарлык, ал эми Алмазбек Атамбаев менен парламенттин ишин канааттандыраарлык эмес деп таанышты. Анда Кумтөргө, сот реформасына, жада калса интернационалдык никеге көңүл бурулду.
Оппозиция эмне жөнүндө кеп козгогондугу тууралуу айтып беребиз.
Атамбаев тууралуу
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге абдан көп көңүл бурулду.
Анын президенттигин канааттандыраарлык эмес деп таап, Башкы прокуратурадан аны кол тийбестиктен ажыратып, ишине баа берүүнү суранышты.
Курултайдын делегаттары Атамбаевдин киреше булактарын изилдей турган атайын комиссия түзүүнү сунушташып, Бажы кызматынан мурдагы өлкө башчысын өлкөдөн чыгарбоону өтүнүштү.
Атамбаевди узурпатор деп аташты. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, экс-президент «бийликти узурпациялап», «өлкөнү Кой-Таштагы үйүндө отуруп алып башкаргысы келген». Андан тышкары, саясатчы Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу Аскар Акаевдин же Курманбек Бакиевдикинен айрымаланбасын айтты.
«Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу Акаевдин же Бакиевдикинен айрымаланбайт. Үчөө тең бийликти узурпациялап, кармап калгылары келген, элдин жана бийликтин ишенимин тебелешти. Ошондуктан революция максатына жетпей калганын айтып коюш керек», — деди Каптагаев.
Ошондой эле, Каптагаев сот аркылуу ЖМКга басым көрсөтүлгөндүгү тууралуу да эскертти.
«Атамбаев кеңири саясий куугунтук жүргүздү, сөз эркиндигин тепсеп, ЖМКнын оозун жапты. Натыйжада мамлекет Атамбаевдин колунда оюнчук болуп калды, өлкөнүн өнүгүшү анын маанайынан көз каранды болгон», — деди ал.
Каптагаев Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну талап кылып, Атамбаев кол койгон «мөңгүлөр жөнүндө мыйзам» өлкөгө беш млрд доллар зыян келтиргенин билдирди. Саясатчы экс-президенттин аракеттерине укуктук баа берип, аны жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт.
Ал эми Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев болсо Атамбаевди такыр эле камаш керектигин сунуштап, ал ага даяр деп кошумчалады. Түлеевдин айтымында, ал Атамбаевге «акыры камаласың деп бетке айтканда», мурдагы өлкө башчысы «макул» деген.
Жээнбеков тууралуу
Курултайда Атамбаевдин дарегине сын-пикирлер жааган болсо, Жээнбековдун дарегине мактоолор менен колдоо сөздөрү айтылды.
Оппозиционер Азимбек Бекназаров Жээнбековдун башкаруусуна аванс менен каанааттандыраарлык деген баа берүүгө үндөдү. Саясатчынын пикири боюнча, учурдагы өлкө башчысы Жээнбеков экс-президенттин таасирине баш ийбей, өз алдынча аракеттене баштаган жана Кыргызстанга «мындан ары өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр» ачылган.
«Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдарды жасады. Ал кадам — аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Мындай кадам кыргыз менталитетинде — бир жагынан “ичкен кудугуңа түкүрбө” болсо, экинчиси — “бир адамдын, бир партиянын жетеленме президенти эмес, нукура элдик президент болуу” деп кабыл алынды».
Ал эми Нариман Түлеев учурдагы президентти колдоого чакырды.
«Ал киши кыргыз элди сатпай, өзүнчө президент болушуна башыбызды ийип беришибиз керек. 2019-жылга чейин убакыт берели деп жатышпайбы, 2020-жылга чейин убакыт берип, колдоп беришибиз керек. Ушул президентти колдоп бериш керек!» — деди Атамбаевдин тушунда анын каарына калып, эркиндиктен жана мүлкүнүн жарымынан ажырап калган Бишкекти мурдагы мэри.
Жээнбеков колдоого алынганы менен ага деле бир аз сындар да айтылды. Мисалы, Бекназаров «коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп аткандай сезилүүдө» деп билдирди.
Кумтөр жөнүндө
Жогорку кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков «Кумтөр» менен келишимди денонсациялоого чакырды.
«Акыркы алты жылда “Кумтөр” боюнча мамлекеттик, парламенттик комиссиялар түзүлгөн. Бирок эч кандай тыянак чыккан жок. Ошол эле алты жыл ичинде мурдагы келишим боюнча өлкөдөн 120 тонна алтын чыгарылып кеткен — бул чоң акча. “Кумтөр” боюнча келишимин коркпостон денонсациялаш керек», — деди ал.
«Кумтөргө» карата көңүл бурулуп жаткан учурда Бекназаров кыргыз паспортторунун пайдасыздыгы жөнүндө, атүгүл эмнегедир интернационалдык никелер тууралуу эскерди.
«Алтын башка өлкөгө чыгарылууда, биздин таза сууларды булгашууда, биздин паспорттордун жанын койбой жатышат, канчалаган кыздарыбыз башка улуттарга турмушка чыгып атышат, башка элдердин саны көбөйүп жатат!», — деп нааразы болду ал буга коррупцияны күнөөлөп.
Ал эми Жашылдар партиясы 2019-жылды экология жылы деп жарыялоону, андан тышкары, «Кумтөргө» мөңгү сууларын сатууну сунуштады.
«Азыр “Кумтөр” беп-бекер колдонуп аткан мөңгү сууларына баа коюп алсак болот. Ар бир кубга биз 7 сомдон коёбуз. Азыр алар 6 млн кубга чукул колдонушту», — деди Динара Кутманова.
Сот жана конституциялык реформа тууралуу
Жогоруда аталган пикирлерден тышкары, делегаттар жаңы конституция кабыл алууну сунушташты. Алардын пикири боюнча, конституциялык реформаны Жээнбеков жүргүзүшү керек.
Азимбек Бекназаров 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтып, сот ситемасын көз карандысыз кылууну талап кылды.
Сот реформасын жүргүзүү керектигин Равшан Жээнбеков да сунуштады.
«Эгер сот рефрмасын жасабасак, экономика да өспөйт. Эгер мен инвестор катары сот аркылуу укугумду коргой албашыма ишенбесем, анда мен өлкөгө инвестиция салбайм», — деди ал. Ошондой эле, ал парламентти күчтөндүрүү керек деген пикирде, анткени ал президентке туруштук бере алгыдай болушу керек, антпесе «өлкөнүн келечеги жок болот».
Сот реформасынын артынан делегаттар саясий камактагылардын кылмыш иштеринин кайра каралышын талап кылышты.