2007-жылы үчүнчү класстын окуучулары үчүн басып чыгарылган кыргыз адабиятындагы китепте «Гүлайым» деген ыр киндигинде шакеги бар, тамеки чегип, кыска юбка кийип жүргөн кызды уяткарган. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, китеп мектеп программасынан алынат.
Исскуство тануучу Алтын Капалова 5-декабрда өзүнүн фейсбук барагында кыргыз адабиятындагы «Гүлайым» деген ырдын мазмунуна нааразы болгон пост чыгарган.
«Ыр Гүлайым деген чоң кыз кыска кийип, тамеки чегип, пирсиң менен жүргөнү жана аны балдар шылдыңдап атышкандыгы тууралуу экен. Албетте, анан ал кыз башын жерге салбай жигиттин жанынан өтөт экен», — деп жазган ал.
Ырдын түп нускасы
Көчөдө келет Гүлайым,
Көрүнөө чылым түтөтүп.
Көкурөгүн, өпкөсүн,
Көк түтүнгө бүтөтүп.
Кийип жүргөн көйнөгү,
Тизесинен жогору.
Киндигинде сөйкө бар,
Бул жоругу болобу?
Жөн басса да канетмек,
Жөөлөйт чыккан жигитти
Ийрелендейт мүчөсү,
Мүлжөгөндөй жиликти.
Кичине кыздар көрүшту,
Кыткылыктап күлүшту.
Маскарапоз көргөнсүп,
Ээрчип көпкө жүрүштү.
Ырдан кийин окуучу суроолорго жооп бериши керек — мисалы, автор Гүлайымды эмне менен салыштырат жана ошондой кыргыз кыздары менен сыймыктана алабызбы?
Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, жогорудагы ыр жазылган китеп 2007-жылы эле Кыргызстандын билим берүү академиясы менен Бишкек мэриясына караштуу эксперттик кеңеш тарабынан бекитилген.
«Ошол жылдардан бери китеп кайра басылып чыгарылган эмес. Азыр биз башталгыч класстар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуудабыз жана алар жыл аягына чейин кабыл алынат. Бул китеп бардык кыргыз тилдүү мектептерде колдонулган, бирок мектептердин так санын айта албайм», — деди мекеменин басма сөз катчысы Марина Гречанная.
Анын айтымында, жаңы китептер мектептерге кийинки окуу жылдын башталышына чейин түшөт. Ал башталгыч класстар үчүн китепти жактырып бергендерге кандайдыр бир санкциялар колдонулабы же жокпу деген суроого жооп бере алган жок.
«Эми он жылдан ашык убакыт өтүп кетти да. Китепти башка жетекчилер, башка комиссия бекитип берген», — деди ал.
«Клооптун» журналисти Кыргызстандын билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов менен байланыша алган жок, ал эми мекемеден китептер эмне үчүн мектептерге өтүп кеткендигине комментарий бере алышкан жок.
Китептеги каталар
Октябрдын аягында журналисттер мектеп китептериндеги каталар тууралуу бир катар материалдарды чыгарышкан.
Мисалы, география боюнча жаңы китепте жок эле дегенде миң ката табылган, андан тышкары китептин авторлору анда эскирген географиялык маалыматтарды келтиришкен. Андан тышкары, бешинчи класстар үчүн табият таануу боюнча китепте да дээрлик ар бир бетинде каталар табылган.
Ал эми «Клооптун» журналисттери февралда физика боюнча китепте жүздөгөн грамматикалык каталарды жана туура эмес формулаларды табышкан. Анда Билим берүү министрлиги 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун таптакыр текшербегени аныкталган. Ал китептер үчүн жыл сайын ондогон миллион сом коротулган.
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева китептеги каталар үчүн аларды басып чыгарган баскамаканалар жооптуу экенин билдирген. Анын айтымында, басмаканаларда тексттердин сапатын текшерген корректорлор менен редакторлор болушу керек.
«Мен ар бир китепти карандаш менен текшерип отура албайм. Биз билим берүүнүн стандарттарына шайкештигин гана текшеребиз. Каталар үчүн басмаканардын үстүнөн сотко арыз беребиз», — деп билдирген ал «Спутникке» курган маегинде.