Мындай чечимди Башкы прокуратуранын талабы боюнча Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Акыркы жолу Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тарта алышкан эмес — жабыркаган тарап дооматынан баш тартып койгон.
Сот өз чечимин 14-февралда чыгарды. Зайналиев сот чечимин 10 күн ичинде даттана алат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, эгер табып сот чечимине карабастан өз ишмердигин уланта берсе, анда ал эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
2018-жылдын 10-декабрында Зайналиевге каршы мыйзамсыз дарыгерлик кылуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал учурда табып кандын рагынан дарылаган беш жашар кыз оор абалда ооруканага түшкөн.
21-январда өткөн сот жыйынында Зайналиев сот залынан бошотулган. Анда жабыркаган тарап ага койгон дооматынан баш тарткан.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова ырастагандай, табыптын дарыгерлик кылууга жана медициналык жардам көрсөтүүгө лицензиясы жок болгон.
Ал мурда билдиргендей, саламаттык министрлиги дээрлик бардык органга — анын ичинде ИИМ жана УКМКга да кайрылган, бирок алар Зайналиевге карата чара көрүшкөн эмес. Анткени министрлик жабырлануучу тарап эмес деп табылган.
Ошентсе да Зайналиевди коргоо максатында президент Сооронбай Жээнбековдун атына ачык кат жазгандар болгон. Катка бир нече адам кол койгон, алардын ичинде КТРК жана ЭлТР телеканалдарынын мурдагы башчылары Кыяс Молдокасымов, Бейшенбек Бекешев жана башка журналисттер, окумуштуулар бар.
Зайналиевге каршы кылмыш иши
«Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» үчүн Зайналиевге биринчи кылмыш иши 2017-жылы жайында козголгон. Ал кезде табыптын операциясынан улам бейтап аял каза тапкан. Ал оорулуунун эмчегин наркозсуз алып салууга аракет жасаган. Ошондон кийин табып өз клиникасын жабууга аргасыз болгону менен жазага тартылган эмес — каза тапкан аялдын туугандары ошол бойдон Зайналиевдин үстүнөн арыз жазбай коюшкан.
Милиция ошондон кийин Зайналиев Жакынкы Чыгышка кеткен деп эсептеген. Бирок 2018-жылы май айында анын Бишкектеги клиникасы кайра иштеп баштаган. «Клооптун» журналисттери анын клиникасына барышкан. Бирок аларды табыптын жардамчылары киргизишпей, «эл душмандары» деп аташкан.