Мигранттар жакындарына таштап кеткен балдары көп учурда кароосуз калып, үй-бүлөлүк зомбулукка кириптер болуп же ар кандай кырсыктардан улам каза табышат. Бул алардын ата-энелери чет жакта иштөөгө мажбур болуп жүргөн учурда жүз берет. «Би-би-синин» кыргыз кызматынын макаласын баяндайбыз.
Өлкөнүн дээрлик 13% ашууну чет өлкөдө эмгектенет, ал эми мигранттардын которгон каражаттары Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бирин түзөт. Бирок мунун кайтарымын бөлөк өлкөлөрдө, өзгөчө Орусияда иштеп акча табууга аргасыз ата-энелердин балдары төлөп жатышат.
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында жашаган жубайлар Каныбек менен Нурсулуу 2017-жылы Орусияга иштегени кетишкен. Анткени, Каныбек электрик болуп иштеп тапкан маянасы менен үй-бүлөсүн бага албай калган. Алар төрт баласын чоң-энеси Чынаранын колуна калтырып кетишет. Арадан сегиз ай өткөн соң Каныбек менен Нурсулуу кайтып келүүгө аргасыз болушкан, себеби алардын сегиз жаштагы кызы Медина күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан.
Кичинекей кыз ойноп жүргөн жеринен колун кокустатып алат, бирок чоң апасы жаракатты йод менен гана тазалап коёт. Оорусу чыдатпай койгондуктан, чоң энеси небересин облустук ооруканага алып барат. Ал жактан кыздын колун сынган деген диагноз коюшуп, Мединаны Бишкекке алып баруусун сунуштайт. Кыз Бишкектеги ооруканага алып келе жаткан жолдо көз жумган.
Маркумдун ата-энеси апасын кыздын өлүмүнө күнөөлөшпөгөнү менен, эгерде кырсык болгон учурда баласынын жанында болушса кызыбызды сактап кала алат белек деген өкүнүчүн жашырышпайт. Кызын жерге беришкен соң Каныбек менен Нурсулуу кайрадан Москвага кетишкен. «Келиним дале күйүттөн өрттөнүп жүрөт. Алар балдарын алып кетейин дешти. Бирок шарты болбогондуктан кайра калтырышты. Жумушка кетишсе, балдарын ким карайт, бала бакчага каражаты жок болсо», — дейт Чынара.
Мединанын өлүмү — бул чет өлкөдө акча табууга аргасыз ата-энелердин балдарына байланыштуу жалгыз учур эмес. «Би-би-синин» маалыматына ылайык, 2018-жылдын соңунда мигранттардын үй-бүлөлөрүндө эң аз дегенде балдардын өлүмүнүн төрт учуру катталган.
Ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндө бала жабыр тартпаган күндө деле балдардын көпчүлүгү атасы менен апасын жылдап көрбөй калышат.
Жазгүл 13кө толгондо, апасы Орусияга жумуш издеп чыгып кеткен. Арадан үч жыл өткөн соң кыздын атасы да аялынын артынан Орусияга кеткен. Анын ата-энеси Жазгүл чоңоюп, өз алдынча жашап калганда, арадан 10 жыл өткөндөн кийин гана кайра кайтып келишкен.
«Бардык мигранттардын "америкалык кыялы" бар — үй, унаа сатып алуу, үйлөнүү, балалуу болуу, чоң той кылуу, балдарга жакшы билим берүү. Бирок бул кыялдын арты менен жүрүп, жылдар өтүп, балдар дагы эр жетип калганын билбей калышат», — дейт Жазгүл.
Мигранттардын балдары тууралуу так статистика жок
Эксперттердин айтымында, балдар мигранттардын бүлөлөрүндө гана жапа чегишпейт. Бирок ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугу баланын жашоосун аярлуу кылат: кээ бир балдарды тойгуза албай же аларга талап ылайык кам көрбөй коюшу мүмкүн.
Бийлик канча бала ата-энесиз жашоого аргасыз экенин так билбейт. Соцөнүктүрүү министрлигинин эсебинде 72 миңдей бала бар, бирок ЮНИСЕФ атасы да, апасы да чет өлкөгө кеткен 199 миң бала бар деген санды келтирет. Ата-энесинин бирөөсү миграцияда жүргөн балдардын саны мындан да көп — 299 миң бала.
Социолог Гүлнара Ибраеванын оюн боюнча, көптөгөн өлкөлөр мигранттарды балдары менен кошо келишин каалабайт. «Орусияга жубайлардын экөө тең бара жатса дагы балдарын ээрчитип кете алышпайт. Анткени ал жактагы балдарга түзүлгөн шарт өтө начар. Ошол эле учурда жубайлар миграцияда жүргөндө эки башка жашап калышы мүмкүн, жумушуна жакын же арзан деп башкалар менен чогуу батирге чыккан мисалдар бар», — дейт ал.
Бийлик ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды 2018-жылы гана каттоого ала баштаган. Бул ишти аймактык милиционер менен үй-бүлөлүк врачтан турган бригада алып барат. «Айрым балдар бала бакчага же мектепке барбай жатканын түшүндүк. Алардын үйүндө эмне болуп жатканын эч ким билбейт да. Эртеден кечке үйдөн чыкпай отургандар бар», — дейт ИИМдин жашы жете электер менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдрахманов.
Укук коргоочулар мындай чаралар — бул Кыргызстанда мигрант ата-энелер балдарын кароого калтырып кеткендер үчүн милдеттүү камкорчулук процедурасын түзүүнүн биринчи гана кадамы деп эсептешет. Азыр ЮНИСЕФ эсепке алуу формасын иштеп чыгууну баштады.