Ошто соц кызматкер майыптардын акчасынан 500 миң сом кымырган — Башкы прокуратура

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери майыптардын акчасынан 500 миң сом кымырууга шектелүүдө. Учурда «кызматтык жасалмалоо» беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери майыптардын дарысына жылына бир ирет бөлүнчү каражатынан кымырган деп шектелүүдө.

«Башкармалыктын жооптуу адамдары дары-дармек жеткирүү боюнча тендерден уткан жеке ишкана менен чогуу эсеп документтерге жалган маалыматтарды киргизген. Жыйынтыгында шаар казынасына 512 миң сом зыян келтирилген»,— деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча «кызматтык жасалмалоо» беренеси менен териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын жетекчиси Дина Анарбаева анын кызматкерлери бул ишке барышы мүмкүн эместигин «Клоопко» билдирди.

«Иш козголду деп кечээ уктук, бизге маалым кат берилген жок. Биздеги журналдарда ар бир адамдын рецепти бар. Майыптар рецепти алып келгенде каттоодон өткөрүп, эсебине 700 сом которуп гана коебуз. Дарылардын берилген-берилбегендигине дарыкана жооптуу», — деди Анарбаева.

Ош шаарында майып катары 3 800 адам каттоодо турат. Алардын ичинен пенсиясы 6 миң сомдон ашпагандарына мэрия жылына бир жолу 700 сом бөлүп берет.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы 2017-жылы 1141 адамга 798 миң 700 сом, ал эми 2018-жылы 1116 кишинин эсебине 781 миң 200 сом которгон.

Редактору: Айдай Беделбек кызы