Жол инспекциясы кайгуул милициясы үчүн 23 млн сомго жабдыктарды сатып алат

Иллюстративдик сүрөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) 23 млн сомго радиостанцияларды жана катуу сүйлөгүчтөрдү сатып алууга тендер жарыялады.

Жабдыктар жаңы Кайгуул милициясынын башкармалыгы үчүн сатылып алынат. Аны Бишкекте ачуу пландалууда.

Жол инспекциясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» маалымдашкандай, сатылып алына турчу жабдыктар ведомствонун учурдагы жабдыктарынан айырмаланат.

«Радиостанция жаздыруучу түзмөк менен жабдылган болот жана ыкчам кезметчи кайсы кызматкер кай жакта жүргөнүн аныктай алышы үчүн GPS-навигатор орнотулат. Мисалы, маалымат түшөөр замат [кезметчи] эң жакынкы нөөмөттү жибере алат», — деп айтып берди ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

Анын айтымында, катуу сүйлөгүчтөр кайгуул милициянын машиналарына орнотулат.

Кайгуул милициясына конкурстук негизде 871 кызматкерди алышууда. ЖКККББнын идеясы боюнча, реформа кайгуул милициясынын «ишмердигин жакшыртышы» керек.

Реформадан кийин инспекторлор жол кыймылына гана көз салбастан, кылмыш иштеринин да бетин ачып, коопсуздукту да камсыздашат.

Бул кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Буга чейин мекеме ар башка убакта Кайгуул посттук кызматы (КПК), Жол кайгуул кызматы (ЖКК), Мамлекеттик авто инспекциясы (МАИ), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) деген аттарга ээ болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: