Мурдагы энергетика министри Артыкбаев Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди.

Бул тууралуу 18-июнда парламенттик комитеттин жыйынында белгилүү болду, анда депкомиссия экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну жана аны мыйзамдарды бузганы үчүн жоопкерчиликке тартууну талкуулап жаткан болчу.

Комиссия Атамбаев Бишкек ЖЭБге көмүр ташууда «Прогресс компани» фирмасынын сүрөгөн деп эсептейт.

Шаардын жылуулук борборун жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча камакка алынган Артыкбаев Атамбаевдин көмүр ташууга тиешеси бар экенин тастыктаган. Артыкбаев бир жылдан бери тергөөдө жатат.

Депутаттык комиссия экс-президентти өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектөөгө негиз бар жана аны укук коргоо органдары текшериши керек деп билдирди.

Депутаттар Атамбаевге даректелүүчү айыптардын тизмесин түзүшкөн — бул Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, жерлерди мыйзамсыз алуу, Атамбаевдин чоң компаниялар менен аффилирленгени жана Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирүү үчүн ири компанияларды сүрөмөлөө.

Буга чейин УКМК бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) каттоого алынганын жана тергөө башталганын билдирген.

Атамбаевди колдогон Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Атамбаев депутаттык комиссиянын айыптоолорунун бардык пунктары боюнча жооп берүүгө даяр экенин билдирген. Партиядагылар Атамбаевди «саясий талаадан сүрүп чыгаргылары келишүүдө, анткени ал бийликтин учурдагы жападан-жалгыз каршылашы» деп эсептешет.