Маданият министрлиги Кой-Таштагы санаторийди 200 млн долларга оңдотмокчу

«Теплые ключи» санаторийиндеги бассейн

Маданият министрлигине караштуу «Кыргыз Туризм» мамишканасынын директору Данияр Казаков Кой-Таштагы «Тёплые ключи» санаторийин инвестордун акчасына реконструкциялоо пландалып жатканын билдирди «Клоопко».

«Долбоор 200 млн долларга бааланып жатат. Бул мамлекеттик долбоор, бирок акчалар инвесторлордон гана тартылат. [Санаторийде] үстү жабык бассейн, муз майдан, аквапарк жана мейманкана салынат. Ар бир объект боюнча инвестор эмне кураарын тандай алат», — деди Казаков.

Анын айтымында, азырынча долбоордун так суммасы эсептеле элек.

«Сумманы анчейин деле ачыктагым келбейт, себеп дегенде эч кандай технико-экономикалык негиздеме жок. Бирок, мисалга, долбоор боюнча мейманкананын өзү гана 30 млн долларга чукул бааланып жатат», — деди ал.

«Тёплые Ключи» санаторийи Бишкектен 35 чакырым алыстыктагы Кой-Таш айлында жайгашкан. Ал Кыргызстандагы белгилүү ден соолукту чыңдоочу комплекстердин бири болуп саналат.