Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз айылындагы окуучулардын баары 2014-жылы авариялык абалда деп табылган мектепке барып келип окушат. Эгерде табигый кырсык болсо, мектептин эки корпусу кулап калышы мүмкүн. Жаңы мектептин имаратынын курулушу 2015-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек.
Кызыл-Жылдыз — Нарын шаарынан 230 километр алыстыкта жайгашкан айыл. Кыргызстандагы көптөгөн айылдарындагыдай эле бул жакка эч кандай коомдук транспорт барбайт. Негизи Кызыл-Жылдыздын тургундары жакынкы райондук борбор — Чаек айлына— жетиш үчүн жол тосуп барышат.
Кызыл-Жылдызда айылдагы окуучулар барган жападан-жалгыз мектеп бар. Беш жыл мурда бул мектептин имараты расмий түрдө авариялык абалда деп табылып, бирок буга карабастан ал ишин улантып жатат.
Мээрим Төлөмүшеванын төрт баласы авариялык абалдагы мектепте окушат. 35 жаштагы аял өзгөчө кенже балдары үчүн кабатырланат, анткени алардын сабагы эң эле эски корпустарда өтөт.
«Балдарым сабакка кеткенде сарсанаа болом. Себеби, мектептин пайдубалы чөгүп, полдору чирий баштаган. Кээде жыйналыштарга барып калсаң кыйчылдап, кадимкидей түшүп кетчүдөй силкилдеп турат» — дейт Мээрим Төлөмүшова.
Ал Кызыл-Жылдыздын башка тургундарындай эле табигый кырсык маалында мектептин имараты ага туруштук бере албайт деп кооптонот.
«Ал эми чатырынын устундары болсо эски, бир күнү кырсык болуп, балдарымды басып калбаса экен деп тынчысызданам. Жаан жааган күндөрү болсо чатыр эски болгондуктан суу агат деп мугалимдерден угуп калам», — деп баяндайт төрт баланын апасы.
Мектеп беш корпустан турат — бири-биринен 20 метр алыстыкта жайгашкан бир кабаттуу ак имараттар. 1937 жана 1950-жылы салынган эң эски корпустарында кичинекей класстардын окуучулары окушат. Жаңыраак корпустарда чоң класстагы окуучулар билим алышат.
Мектептин директору Токтошүкүр Мураталиев жаңы корпустарды айыл тургундары өздөрү курушканын айтууда. Анын ичинен акыркы корпус 2000-жылы тургузулган.
Учурда, мамлекет балдар үчүн жаңы мектеп куруп бере албай турганда Кызыл-Жылдыздын тургундары жыл сайын өз күчтөрү менен мектепке косметикалык ремонт жасап келишет. Бирок ошондой болсо да мектеп имаратын сактап калуу мүмкүн эместей.
«Жазында кар эригенде ным болуп, дубалы кулап түшөт. Жыл сайын ураган жерлерин шыбап коебуз. Бирок болбой эле жарака кетет. Устундары да эски, балдарды басып калуу коркунучу бар», — деп айтып берди Муталиев.
Учурда ата-энелерди аргасыздыкка түрткөн жалгыз нерсе — бул балдарын коңшу Чаек айлындагы мектепке жөнөтүү. Анын абалы кыйла жакшы болгону менен ага чейин 5 километр жөө жол жүрүү керек.
«Мен балдарымды ал жакка жибере албайм. Эгер окуудан кеч чыгып калса үйгө кантип келишмек эле? Өзүбүз алып баралы десек бизде машина жок, балдарды жиберели десек шартыбыз жок. Биздин мектептин билим денгээли, мугалимдери да күчтүү», — деп кейиди Төлөмүшева.
Жаңы мектеп төрт жылдан бери курулуп жатат
Кызыл-Жылдыз айылындагы мектеп авариялык абалда деп табылгандан кийин бийлик мектеп үчүн жаңы имараттын курулушун баштаган. Ошондо тендерди «ЗиАр Строй» компаниясы утуп алган — конкурска ушул эле компания катышкан.
Бирок төрт жылдан бери жаңы имарат курулуп бүтө элек. Аны куруу үчү мамлекет компанияга 57 млн сом төлөп бериши керек, бирок азырынча бийлик бул сумманын 20% гана таап, бөлүп беришкен.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын Жумгал району боюнча башкы адиси Темирбек Сапаралиевдин айтымында, жаңы имаратты курууда компания менен мамлекетте эч кандай иш пландар болгон эмес.
Жаңы имараттын курулушу абдан жай жүрүп жаткандыктан, имараттын курулуп бүткөн бөлүгү жаан менен шамалдан улам урап баштаган.
«Азыркы учурда экинчи кабатын куруп жатышат. Аны куруу үчүн былтыр тургузулган биринчи кабаттын үч катар кирпичин алууга туура келди. Себеби жамгыр, кардан улам жарабай калган экен. [...] Эгер быйыл да чатыры жабылбай калса, кийинки жылы дагы чыгым болобуз», — дейт адис Сапаралиев.
Райондун «Жылдызы»
Кызыл-Жылдыз айлынын окуучулары авариялык мектепте окушканына карабастан, райондо Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча жогорку жыйынтыктардын бирин көрсөтүп келишет.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Амантур Дүйшөнбек уулу белгилегендей, алар дайыма олимпидаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет.
«Эгер өкмөт жаңы имараттын курулушун бүтүрүп берсе, бул окуучулар үчүн чоң шыктандыруу болуп, алар жакшы да окуй башташмак», — деп ойлойт ал.
Бирок ал да Кызыл-Жылдыздагы балдардын ата-энелериндей эле мамлекет курулушту бүтүрүүгө каражат таап беришине жана бул күн келгиче балдар менен эч жамандык болуп кетпесе экен деп үмүт кылат.
«Мен дайыма кенже уулума сак болушун, мектептин ичинде жерди карап басышын айтам. Эгер полу кыйраса, ал ошол жерге кулап кетип, бутун сындырып алышы мүмкүн да», — дейт Төлөмүшова.
Сүрөт: Токтошүкүр Мураталиев
Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.
Бул тема боюнча кошумча:
- Чаткал: Айылдын кире беришинде 2,2 млн сомдук арканын ордуна жарака кеткен үч колонна турат
- Тешилген чатыр жана күбүлүп бараткан дубалдар — Нарын облусунда балдарды алты жылдан бери авариялык абалдагы бала бакчада тарбиялап келишет
- Кара-Суу: Бийлик 28,8 млн сомго жер астындагы өтмөгүн курган. Үстүндөгү жол бүтпөгөндүктөн шыбынан суу агууда