Кытай компаниясы Таш-Көмүр милициясына үч автоунаа белек кылды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, «Ийгилик кейджи» кытай компаниясы үч Daewoo Nexiaны кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата ыйгарган.

Белекти 26-декабрда компаниянын ээси, кытайлык ишкер Ли Минян тапшырган. Автоунаа тапшыруу аземине Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Кылычбек Жолдошов, Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев катышкан.

«Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жайында Таш-Көмүр ШИИБинин имараты толугу менен оңдолду. Бардыгы демөөрчүлөрдүн жардамы менен. Маселе транспортко барып такалган. Анан көмүр казуучу компания унаа алып берди», — деп билдирди ал.

«Ийгилик кейджи» ЖЧКсы 2018-жылы сентябрда кайра каттоодон өткөн. Компаниянын башкы филиалы Бишкек шаарынын Ленин районунда катталган.