Өткөн жылдын сентябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Чычкан» постунда баңгизат менен кармалган АКШнын эки жаранына 260 миң сомдон айыппул салынды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облусттук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди.
«Токтогул райондук сотунун отуруму 2019-жылдын 26-ноябрында өттү. Айыпталуучулар “баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатын көздөбөй мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен күнөлүү деп табылды», — деп билдирди Төрөмаматов.
Кармалган АКШнын жарандарынын бири баңгизат ага тиешелүү экендигин айтып көрсөтмө бергенинен, экинчи жараныны эркиндикке коё берилген болчу. Ага карабастан ал дагы күнөөлүү деп табылып, айыппул төлөгөн.
Айыпталган АКШ жарандары Аксы районундагы мектептердин биринде 2017-жылдан бери англис тилин ыктыярдуу түрдө үйрөтүп жүргөн. Алар Кыргызстанга АКШнын Тынчтык корпусу аркылуу келген.
Баңгизат колдонуучулар адатта жоопко көп тартылат
Кыргызстанда мыйзам бузуучулардын арасында баңгизат колдонуучулар эң көп жоопко тартылышат. Соттук система аларды баңгизат тараткандарга караганда көбүрөөк жазага тартат. Бул тенденция 10 жылдан бери уланып келет.
«Клооптун» журналисттеринин изилдөөсү бул көрүнүштү тастыктайт — соттордун эң көп айыптоочу өкүмдөрү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен чыккан. Жалпы жазага таруучу өкүмдөрдүн 14 пайызын баңгизат колдонуучулар түзөт. Ошол эле учурда баңгизат тараткандарды жоопко анчейин көп деле тартышпайт, болгону жалпы чыккан өкүмдөрдүн 3,5 пайызын түзөт.
Укук коргоочулар баңгизаттарга байланышуу өкүмдөр көп болгонун, бул боюнча иш козгоо жана иликтөө жеңил болгондугу менен түшүндүрүшөт. Ошону менен бирге бул алардын кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчүнө оң таасирин тийгизет.