Жалал-Абад: Маңзат менен кармалган АКШнын жараны 2 айга камалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда маңзат менен кармалган АКШнын жараны 19-ноябрга чейин тергөө абагында болот. Бул тууралуу «Клоопко» облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Чычкан» постунда 19-сентябрда токтотулган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаадан милиция кызматкерлери бир килограммдан ашык маңзат табышкан. Баңгизатты алып жүрүүгө шектелип автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан АКШнын эки жараны кармалган.

Укук коргоо органдарынан алардын бирөөсү баңгизат ага тиешелүү экендигин айтып көрсөтмө бергенин, ал эми экинчиси эркиндикке коё берилгенин маалымдашты.

Тергөө маалында АКШнын кармалган жараны Аксы районундагы мектептердин биринде 2017-жылдан бери англис тилин ыктыярдуу түрдө үйрөтүп жүргөнү аныкталган. Ал Кыргызстанга АКШнын Тынчтык корпусу аркылуу келген.

Жалал-Абад ОИИБси окуяны «Наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактоо, жана алуу» деген берене менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

АКШнын Тынчтык корпусу федералдык агенствосу англис тилин үйрөтүү боюнча 1993-жылдан бери иш жүргүзүп келет. 25 жыл аралыгында Кыргызстанга миңден ашуун ыктыярчылар келип кетишкен.