Москвада алты кыргызстандык экстремисттик уюм түзүү иши боюнча кармалды

Москванын Мещан райондук соту алты кыргызстандыкты экстремисттик уюм түзүүгө шектеп кармады.

«Сот 17-мартка чейин Кыргыз Республикасынын алты жаранын кармады. Алар: Айбек Мамажунусов, Мурза Кушуев, Айбек Халматов, Асан уулу, Калбаев Артык, Көзөнов Алтынбек бар. Алардын бардыгы “Экстремисттик уюм түзүү” беренеси боюнча шектелип жатышат», — деп билдирет сот. Иштин чоо-жайы белгисиз, ал эми тыюу салынган уюмдун аты аталган эмес.

Бирок мурдараак Орусия ФККсынын кызматкерлери Орусиянын аймагында тыюу салынган «Таблиги Жамаат» идеологиясын үгүттөөгө шектелип теги борбор азиялык жарандар кармалганын билдиришкен. Кыргызстанда «Таблиги Жаамат» диний кыймылына тыюу салынган эмес.

Ал учурда атайын кызмат жети адам, анын ичинде «башчылары» кармалганын кабарлаган. Аларда экстремисттик адабият табылганы маалымдалган.

Бул кыймылдын өкүлдөрү Орусияда биринчи эле жолу кармалып жаткан жок — үч жыл мурда ФКК бул диний багыттын 69 тарапташын кармаган. Алардын баары Борбор Азиядан чыккан адамдар болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: