Сүрөт: UHRP

Би-Би-Синин журналисттеринин колуна Кытай бийлиги Шинжаң аймагында жүз миңдеген мусулмандардын тагдырын кандай максат менен чечип жатканын ашкерелеген документ тийген. 137 беттен турган документте Шинжаңдын батыш тарабындагы үч миң кишинин жеке маалыматы камтылган. «Клооп» Би-би-сиде жарык көргөн материалды баяндап берет.


Таблица болуп түзүлгөн документ кытай бийлиги дин тутуу тажрыйбасы катары эсептеши мүмкүн турмуштук жашоонун өңүттөрүн ийне-жибине чейин кеңири айтып берет. Адамдар канча көп намаз окушканы, кандай кийинишкени, ким менен сүйлөшүшөөрү жана өздөрүн кандай алып жүрүшөөрү — бул маалыматтар таблицанын тизмесине кирген.

Кытайдын Шинжаңдагы саясаты боюнча алдыңкы эксперттердин бири, окумуштуу Эдриан Зенз документтер жасалма эмес экенин айтууда. Документ кытай бийлиги тарабынан түзүлгөн болушу ыктымал жана Зендин айтымында, ал адамдарды «кайра тарбиялоочу лагерлер» деп аталган жайларга жөнөтүү тууралуу чечимдерди кабыл алгандардын акылына көз чаптырууга мүмкүндүк берет.

Документте аталган үч миң кишинин ичинен 311 адамдын жашоосу баарынан да кенен чагылдырылган — диний ишеними, интернетти аз же көп колдонгону, жүздөгөн туугандары жана кошуналары менен мамилеси.

Документтин аягына Кытай бийлиги өзүнүн чечимин жазган. Эгерде эмитен эле тарбия лагеринде кармалып турган болсо, анда бул кишини «коё берсе болобу же жокпу» деген чечим жазылган.

Документ Шинжаңдын мусулмандары эч бир күнөө жаратпаган өтө жөнөкөй диний ырым-жырымдарды аткаруу үчүн эле лагерге түшүп калышы мүмкүндүгүн көрсөтөт.

Документтин 598-катарында бир нече жыл мурда хижап кийгени үчүн лагерге жөнөтүлгөн Хельчем атуу аялдын тагдыры жазылган.

Уйгурлардын дагы бир бөлүгү чет өлкөгө чыгуу үчүн керектелген жалпы жарандык паспорт алууга арыз беришкени үчүн кармалган — кытай бийлиги мындай аракетти «радикалдашуунун көрүнүшү» деп эсептейт. мисалы, алардын арасынан, бир киши «коомго эч кандай коркунучу жок» деген мүнөзмөдө алганына карабастан, так кесе чет өлкөгө кетүү аракети үчүн кармалган.

Деталдуу тизмеде аталган бардык 311 адам Шинжаңдын түштүгүндөгү Хотан шаарынан алыс эмес жердеги Каракаш аймагынын тургундары. Ал жакта калктын 90% ашууну уйгурлар. Бирок уйгурлар менен катар эле лагерлерде кытайлык казактар менен кыргыздар да кармалат.

Маалымат кантип чогултулган?

Зенз бул документти «Каракаш тизмеси» деп атайт. Ал кытай бийлигинин ар диний ишенимди коркунуч белгиси катары карап жатканын чагылдырат. Муну жоюш үчүн алар уйгурлардын жеке жашоосуна сүңгүп кириши керек.

Ошентип 2017-жылдын башында адмдарды кармоо боюнча өнөктүк күжүрмөн иштеп баштаган. Анда Кытайдын коммунисттик партиясына жакын адамдардын тобу уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүн түрө кыдырып, маалымат чогулткан.

Бул топтун ар бир мүчөсүнө бир нече үйдү кыдыруу тапшырмасы дайындалган: алар уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүнө барып, ал үй-бүлөлөр менен достук мамиле куруп, андан соң «диний атмосфера» тууралуу кагазга маалымат түшүрүшкөн. Мисалы, үйдө канча куран бар экени же алар кандай кийинип жатканы жазылган.

Жогоруда айтылгандарды эске алганда кытайдын бийлиги жамааттык жоопкерчилик принцибин карманган — башкы айыпталуучу менен кошо анын үй-бүлө мүчөлөрү да кармалышы мүмкүн болгон. Би-би-синин колуна тийген таблицада, 11-катар үй-бүлөлү мамилелерди жана мамилелеш чөйрөнү белгилөө үчүн колдонулат.

«Окутууну улантуу»

Документтин деталдуу тизмесиндеги 311 адамдын бардыгында учурда чет өлкөдө жашап аткан туугандары бар экени жазылган. Бул өз кезегинде бир топ убакытка чейин кытай бийлигине карата коркунуч деп эсептелинип келген.

Дагы бир мүнөздөмөдө 65 жаштагы кишинин балдары тууралуу маалымат камтылган: карыянын «2014 жана 2015-жылдары хижап жана бурка кийген» эки кызы жана исламчыл саясий ишеними бар баласы. Ага карата «окутууну улантуу» деген чечим чыккан. Бул деген карыя лагерде тарбияда калат дегенди билдирет.

«Ишеними жок» деген күңүрт термин документте бир нече жолу кездешет. Ал баш аягы 88 адамды кармоодогу жападан-жалгыз себеп катары көрсөтүлгөн.

«Каракаш тизмесиндеги» көпчүлүк адамдардын ага түшүп калууларына бир нече себептер айтылган. Анда Кытайдын «үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө мыйзамын» бузуу деген берене абдан көп кездешет. Бийликтин пикири боюнча, уйгур үй-бүлөлөрүндө бир нече баланын болушу алар үчүн жеке үрп-адаттары мамлекеттин мыйзамдарынан жогору тураарын көрсөтөт.

Асыл нуска

Документте мөөр же штампттар жок, андыктан анын асыл нускалыгын текшерүү кыйын. Башка жашыруун документтер менен кошо бул тизме анонимдүү качкын уйгурдун колуна түшкөнү божомолдонууда. Ал өз кезегинде файлдардын бардыгын, тизмеден башкасын чет өлкөдөгү байланыштарына берген. Өткөн жылы эл аралык ЖМКлар биринчи документтерди жарыялашкандан кийин качкын «Каракаш тизмесинин» өзүн да өткөрүп берген.

2019-жылдын аягында Кытай бийлиги Шинжаңдагы камакка алынган уйгурлардын бардыгы «окутуудан өтүп», «эркиндикке чыкканын» билдирген. Анткен менен айрым борборлор, эгер мурдагы же жаңы «окутулуп жаткандар» ал жакта курстан өткүлөрү келсе ачык бойдон калаарын белгилеген.