«Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек».


Президент Сооронбай Жээнбеков 3-март күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2-мартта болуп өткөн Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкандарды кууп таркатуу тууралуу ушундай билдирүү жасады.

2-мартта Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 10 жылга соттолгон саясатчы жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин нааразылык акциясы өткөн. Бул соңку жылдары биринчи жолу узакка, тагыраагы сегиз саатка созулган митинг болду.

Митингдин алгачкы беш сааты манасчылар менен акындардын төкмөлөрү менен коштолуп тынч өтүп жаткан, бирок андан кийин митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алышып, ал жактан күч кызматкерлери тарабынан кууп таратылышкан. Митингчилер абактагы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылышкан.

2-марттагы митинг тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.