Түркияда жүздөгөн кыргызстандык мекенине кайта албай жатат

Түркиянын Анталья шаарында жашаган кыргызстандык эмгек мигранттары коронавирустан улам жумушсуз калышып, мекенине кайта албай жатышат. Түркия өткөн айдын аягында эл аралык авиакаттамдарды белгисиз убакытка токтоткон.

Мекендештерден турган «Кыргыз эли» коому президент жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылуу жасап, Кыргызстанга кайтуу маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Уюмдан чет жактагы кыргызстандыктардын тамак-ашына жана турак жайларынын ижара акысын төлөөгө акчасы жок калгандыктан «нансыз, көчөдө калгандар бар болгонун билдиришти» .

Ошондой эле мигранттар бийлик өкүлдөрүнө видео кайрылуу жасап, 11-апрелде ютубга жүктөшкөн. Анда кыргыз мигранттардын бири бир ай мурун ишсиз калганын айткан.

«Бул жакта 7 миңдей Кыргызстандын жараны жашайт. [...] Алардын арасында жаңы турмуш кургандар, боюнда болгон аялдар жана оорукчандар бар. Биз сизден жардам берүүңүздү суранабыз», — дейт ал.

Башка мекендешибиз учурда Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында жалпысынан 350дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайта албай турушканын кабарлады. Ал буга байланыштуу каттам уюштуруп берүүнү суранууда.

«Клооптун» журналисттери Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай чараларды көрүп жатканын сураганда мекеменин басма өз кызматы кат түрүндө кайрылууну суранышкан. Материал жарык көрөөрдүн алдында ТИМден жооп келген жок.

Учурда Түркияда коронавирустун 56 956 учуру катталды. Бул өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылышы боюнча 9чу орунда турат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча Түркияда 30 миңдей кыргызстандык бар.

Түркияда негизинен кыргызстандыктар мейманкаларда тейлөө тармагында иштешет. Мындан тышкары, бала багып эмгектенген аял кишилер да бар.