Видео: Милиционер жөө жүргүнчүнү бетке чапты — кызматтык текшерүү башталды

Социалдык тармактарда Бишкектин түштүгүндө, «Ынтымак» паркынын жанында тартылган видео тарады. Видеодон милиционер баланы түрткөнүн жана бетине чапканын, бала кетейин дегенде анын кийиминен тарткылаганын көрүүгө болот. Милиционер жөө жүргүнчүнү кетирбей бир нерсе айтып жаткан, андан соң бул окуяны четтен карап турган бир киши келип, алардын жанына туруп калган.

Видеону көчөнүн каршы бетинде турган адамдар тартышкан. Комендатурадан видео боюнча кызматтык текшерүү башталганын билдиришти.

«Бул факт боюнча кызматтык текшерүү башталды, анын жыйынтыгы тууралуу кошумча кабарлайбыз», — деп билдирди Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу милициясы күндүзү көчөгө «азык-түлүк жана дарыканага чыктык» деген төрт жаранды кармады