Кара-Суу милициясы күндүзү көчөгө «азык-түлүк жана дарыканага чыктык» деген төрт жаранды кармады

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча коменданттык маалымат борбору

Кара-Суу шаарында 1-апрелде комендатуранын кызматкерлери күндүзгү убакта жарандарды унаага салып жаткан видеотасма соцтармактарга жарыяланды. Күзөттөгү кызматкерлер үн күчөткүчтөр менен өзгөчө абалдын талаптарын эскерткенче дарыканага, азык-түлүккө жана банкка бараткандыгын айткан төрт тургунду күч менен кармап унаага салышкан.

Биринчи кармалган кишинин колу кишенделгендей түр калтырат. Тасманын сапаты начар болгондуктан колундагы кишенди так байкоо мүмкүн болгон жок. Ошол эле маалда видеодо унаадагылар аял кишилерди кармоого болбостугун бири-бирине айтышып, көчөдөгү кызды жолдо жүрбөй үйдө отурууга чакырышкан.

Андан кийин комендатуранын мүчөлөрү кармалган жарандардан маршруттук баракча сурашкан. Бирок кармалгандар эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнүшкөн эмес. Унаага салынган төрт жаран тең бири-бирине абдан жакын отурушкан.

«Андай нерсе жок. Мен банкка кетип бара жаттым эле. Бүгүн кредит төгүшүм керек», — деп жооп берген кармалган тургундардын бири. Дагы эки киши банкка барып акча алып ал каражатка азык-түлүк сатып алмакчы болушканын айтышкан.

Шаарда патруль кылган кызматкерлер жашоочуларга көчөгө чыккан адамдар административдик жоопкерчиликке тартылаарын белгилешкен. Бирок Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Ошол эле маалда маршруттук баракчасы жок азык-түлүк, дарыкана же банкка чыккандар милиционерлер тарабынан кармалаары да айтыла элек.

Милиция Кара-Суйского района (Ош) гребет подряд всех людей которые ходят на улице днем.

Posted by Semetey Amanbekov on Wednesday, April 1, 2020

Соцтармактарга аталган видеотасма жайылгандан кийин, интернет колдонуучулар тасмага карата «атайын уюштурулган», «кылмышкерлерди кармагандай кармашыптыр», «биздикилер жакшылыкка түшүнбөйт» деген сыяктуу комментарийлерди жазышкан. Ошол эле маалда колдонуучулар коменданттык саат күндүзү да киргизилгенби деген суроолорду калтырышкан.

«Бизде күндүзгү убакта коменданттык саат жок. Алар [милициялар] секирип түшүп кармап кетпестен, алгач өзүн тааныштырып, анан документтерин текшерүү керек. Мен эскертип кетейин, бизде укук коргоочулар укук коргоо органдары, алар укукту коргошу керек, тескерисинче бузбастан», — деген пикирин жазган фейсбуктун Ришат Мухамеджанов аттуу колдонуучусу.

Кара-Суу районунун башка бир тургуну «Клоопко» күндүзү адамдарды кармап кетип жатышканын тастыктады. Ал касапканага эт сатып алуу үчүн барганда

буга күбө болгонун, аргасыздан касапкананын ичине жашынганын айтты. Ошондой эле күндүзгү убакта эмне болуп жатканы, кандай тартип орнотулганы түшүнүксүз болгонун кошумчалады.

Кийинчерээк Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору Кара-Суу шаарында кармалган төрт жаран өзгөчө абалдын эрежелерин бузушканын билдирди. Мекемеден кармалгандарга мурун эскертүү берилгенин, бирок алар азык-түлүк же банкка барбастан сейил бакты көздөй басып бара жатышкан дешти. Ал эми алардын кармалышынын артында болсо кайда бара жатышканын териштирүү максаты жатканын айтышты.

«Бул иш-чаралар коронавирустун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында жүрүп жатат. Албетте мындай аракеттер ар бир жаранга жага бербесин түшүнөбүз. Бирок калктын саламаттыгы үчүн ушундай кадамдарга барууга мажбурбуз», — деп маалымдалган мекеменин маалымат борбору тараткан пресс-релизде.

Коменданттын маалымат борборунан өзгөчө абалдын тартибин бузду деп кармалган карасуулуктар райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, өздүгү такталгандан кийин алар милиция кызматкерлери менен бирге экспресс-тесттен өтүшкөнүн белгилешти.

Бирок анын жыйынтыгын пресс-релизде айтышкан эмес. Ошондой эле күндүзгү убакытта эмне үчүн тургундар кармалганын жана маршруттук баракчаны кызматкерлер адамдарды унаага салгандан кийин гана сурашканы да түшүнүксүз.

Материал жарык көрөөр алдында коменданттын маалымат борборунан жаралган суроолор боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Бирок күндүзгү убакытта тургундар азык-түлүккө, дарыканага жана ооруканага бара алышаары айтылган.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы