ТИЗО-1де коронавирус жуктурган бир кызматкер бар — ССМ

Материал 17:30да жаңыртылды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде COVID-19 жуктургандардын арасында ТИЗО-1дин кызматкери бар экенин кабарлары, бирок ЖАМК бир күн мурда бул маалыматты четка кагып койгон.

«Бүгүнкү күндө ТИЗО-1де бир гана кызматкер коронавирус жуктурган учур бар. Кызматкерден тиешелүү анализдердин баары алынган жана ал медиктердин көзөмөлүндө. Азыркы учурда ТИЗОдо бул учур боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди Үсөнбаев.

Биз маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тактап көрдүк. Ал жактан «эгер министрдин орун басары ошентип айткан болсо, анда ошондой» деп айтышты.

ЖАМКтан алгач ПЧР тесттер эки жолу терс жыйынтык көрсөтүп, ошондуктан ведомство 7-май күнү ЖМКга ТИЗО-1дин кызматкеринде коронавирус жоктугун кабарлаганын билдирди. Бирок медиктердин маалыматы боюнча COVID-19га карата дагы бир тест оң жыйынтык көрсөткөн.

«ЖАМК Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык инфекциялык ооруканасынан аталган кызматкер 7-майдан тарта стационардык дарылоого жаткырылгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 8-майда алды. Учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында экени анык. Анын ден-соолугуна даттануусу жок, абалы канааттандырарлык. Учурда ЖАМКтын медициналык кызматы тарабынан кызматкерлерди кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүү улантылып жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

7-май күнү ведомство кызматкер текшерилип, бирок анын жана жакындарынын, ошондой эле кесиптештеринин тапшырган тести таза чыкканын билдирип, бирок баары бир деле кызматкер обочого кетирилгенин кабарлаган.

Буга чейин укук коргоочулар камактагылардын ден соолуктары алсыз болгондуктан жабык мекемелерде коронавирус жуктуруу коркунучу жогору экенин кабарлашкан. Атүгүл алар ТИЗОдо камакта отургандар үчүн камакка алуудан тышкары башка жазага тартуу формаларын карап көрүү өтүнүчү менен бийликке да кайрылышкан. Ал эми ЖАМК изоляторлор менен колонияларда камактагылар менен жолугушууну чектеп, ал жактагы орун жайлар дезинфекцияланып атканын билдирген.