Бул мигранттар тууралуу чоң материалдын бир бөлүгү. Шилтеме аркылуу өтүп, толугу менен окуңуз.

Кыргыз мигранттарынын эң көбү Орусияда эмгектенишет — расмий маалымат боюнча 2019-жылы 730 миң кыргызстандык бул өлкөдө жашайт деп катталган. Анын ичинен бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келгени менен мигранттардын көпчүлүгү Орусиянын шаарларында калууда.

Алар Орусияда легалдуу иштеген болсо кооптонууга негиз жок. Орус президенти Владимир Путин 18-апрелде эмгек мигранттарынын жашоосун жеңилдеткен буйрук чыгарды. Кыргызстандыктар 15-июнга чейин мөөнөтү өтүп кеткен патент боюнча иштей алышат жана алардын документтери жокко чыгарылбайт.

Тагыраагы, иш берүүчүлөр бул убакыт аралыгында мигранттардан документтерди узартууну талап кыла алышпайт. Ал эми полиция кармап жоопкерчиликке тартайт. Бирок эгер сизди буга карабастан кармап кетишкен болсо, сиз элчиликке кайрыла аласыз — мыйзам боюнча сизде байланышууга жана адвокат суроого укугуңуз бар.

Чет өлкөлүктөр убактылуу жашоого болгон катоосун, патентти, иштөөгө уруксатты жана миграциялык картаны узартышпаса деле бул документтер орус бийлиги тарабынан таанылып, жарактуу болот.

Ошондой эле 15-июнга чейин администрациялык мыйзам бузуу үчүн өлкөдөн чыгаруу жана өлкөдө жүрүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Орусияга кирүүгө тыюу салуу чаралары колдонулбайт. Бийлик бул убакыт аралыгында депортация жана экстрадиция кылууну да токтотту.

Бирок документсиз иштеген чет өлкөлүктөрдү кандай тагдыр күтөөрү азырынча белгисиз. Орусиялык социолог жана Миграция жана этносту изилдөө тобунун мүчөсү Евгений Варшавердин айтымында, мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары легалдуу иштеп жаткандар менен бирдей эле шарт боюнча теңелген — анткени эки тараптан тең убактылуу документ сурашпайт.

Кыргызстандын бийлиги учурда Орусиядагы мекендештерине жардам берүүгө аракет кылууда — чартердик каттамдар уюштурулуп, 6 миңден ашуун кыргызстандык мекенин кайтты.

Ошондой эле өкмөт Орусиядагы элчиликке төрт миллион сом которду, дагы 6 млн сом бөлүүнү пландап жатат. Аталган каражаттар эң эле муктаж болгон жарандарга жардам берүүгө жумшалат. Алардын катарына COVID-19 жуктуруп алгандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, кош бойлуу аялдар жана оор абалдагы оорулуулар кирет.

Элчиликте күнү-түнү иштеген колл-борбор (номурлар менен материалдын аягында тааныша аласыздар) бар. Кыргызстандыктар консультация жана гуманирадык жардам алуу үчүн кайрыла алышат. Ошондой эле элчилик диаспоралар менен биргеликте азык-түлүк баштыкчаларын, коргонуучу каражаттарды таркатууда жана муктаж жарандардын жатаканасын төлөп берип жатат.

Колл-борбордун кызматкерлери күн сайын 1,5 миңдей телефон чалууну, ал эми элчилик жарандарды алдын ала тизме менен кабыл алууда. Дипломаттар жумуш менен камсыз кылуу жаатта да иш алып барышууда. 16-марттан тарта кыргызстандыктарга 2 миңден ашуун ачык вакансия сунушталган. Жумуш тууралуу маалыматты элчиликтин сайтынан жана колл-борборлор аркылуу алса болот.

Кайда кайрылса болот?

Элчилик менен байланышуу жолдору:

Сайт

kgembassy.ru@mfa.gov.kg

+7 (499) 237-48-82

+7 (499) 237-65-65

Күнү-түнү иштөөчү call-center:

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап)

Миграциялык юристтен телефон аркылуу кенеш алуу

(кыргыз жана орус тилинде)

+79255780082 (WhatsApp)

Генконсулдуктар:

Екатеринбург

+7 343 223 68 13

+7 343 223 68 15

+996 312 96 20 85

Новосибирск

+7 383 319 07 62

+7 383 210 66 21

Владивосток

+7 924 004 58 18

+7 42З 262 04 64

Красноярск

+7 960 758 89 64

+996 З12 97 91 42

Санкт-Петербург

+7 929 512 39 05

+7 95З З49 7З 74

+7 812 717 00 27

«Кыргызстандын ыктыярчы-дарыгерлери» коому

Мигранттарга жардам көрсөтүүчү бейөкмөт уюм

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Winrock International жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.