Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 20 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде бир медкызматкер бар. Айыккандардын тогузу Бишкек шаарында, жетөөсү Нарын облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда, бирден бейтап Ысык-Көл жана Баткен облустарында дарыланышкан.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 949га жетти — алардын арасында 224 медкызматкер бар.
Кыргызстанда 22-майга карата коронавирустун жалпы 1 350 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 387 адам жатат — алардын төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.