УКМКнын ардагери Кылычбек Токтошев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кылычбек Токтошев. Сүрөт: Ош мэриясынын фейсбук баракчасынан алынды

19-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагери, полковник Кылычбек Токтошев 61 жашында каза болду. Ош мэриясындагы өздүк булактар Токтошев COVID-19га чалдыкканын айтышты.

«Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, жазуучу жана акын, «Өткүн», «Бабалар баяны» китептеринин автору. Кылычбек Исаковичтин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун», — деп жазылат Ош мэрияснын маалыматында.

Токтошев 1959-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун Ош шаарындагы 4-автобазада инженерликтен баштап, кийин аталган жайдын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми УКМКда Токтошев 1987-жылдан 2013-жылга чейин кызмат өтөдү. Алгач Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя бөлүмүндө оперкызматкер, кийин аталган башкармалыктын бөлүмдөрүндө улук оперкызматкер, андан соң жетекчиси болуп иштеген.

2010-жылы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын биринчи орун басары, башчынын милдетин аткаруучу болуп турган. 2012-жылы Ош аэропортунда авиациалык коопсуздук боюнча башчынын орун басары, Кыргызстандын акыйкатчысынын түштүк аймагы боюнча мобилдик инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн.

Маркум «УКМКнын дене тарбия жана спорт комитеттеринин отличниги» болгон. Ошондой эле, ведомствонун бир нече жолу ардак грамотасы жана төш белгиси менен сыйланган.

Токтошевдин артында эки уулу, эки кызы жана жубайы калды.

21-июлга карата Кыргызстанда СОVID-19га чалдыккандардын саны 28 251ге жетти. Ал эми илдеттен айыгып чыккандар 14 776ны түздү. Жалпысынан коронавирус 1079 кишинин өмүрүн алды.