Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 22-июлга карата коронавирустан дагы 984 бейтап айыкканын кабарлады.
Ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 343. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда — 147, Ысык-Көл облусунда — 134, Талас облусунда — 71, Нарын облусунда — 70, Ош облусунда — 65, Чүй облусунда — 62 жана Баткен облусунда — 27 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 15 851ге жетти. Алардын 1091и медкызматкерлер. Жалпысынан илдет 29 359 адамдан аныкталган.
22-июлга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 1108 учуру катталды. Ушул тапта 12 563 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ал эми COVID-19 илдетинен 1 123 киши каза болду.