Белгилүү адабиятчы, профессор Кадыркул Даутов көз жумду

Кадыркул Даутов.  Сүрөт: Бекташ Шамшиев

28-июлда белгилүү сынчы жана адабиятчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов каза болду. Маркум 80 жашта болчу.

Даутов адабий-сын чыгармаларды кыргыз жана орус тилинде жазгандыгы менен Кыргызстанда белгилүү болгон. Анын алгачкы «Ырдын өмүрү» адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн.

Андан кийин 1980-жылы «Жаңы чектерге», эки жылдан соң орус тилинде «Главное – поиск», «Сөз өнөрүнүн эстетикасы» 1984-жылы, «Таланттар жана тагдырлар», «Тереңдиктер жана бийиктиктер» адабий-сын макалалар жыйнактарын чыгарган.

Даутов ошондой эле көптөгөн монографиялардын да автору болгон. «Адабий сын кантип жаралган?» монографиясын 2002-жылы жазса, «Албан кырдуу алп акындын дүйнөсүн» бир жылдан кийин окурмандарына тартуулаган. Мындан сырткары «Мезгил сыны жана мен», «Түркүн дүйнө элестеринен», «Издегеним тубаса акын, тунук поэзия» китептеринин автору.

Белгилүү сынчы 1961-жылы Чүй облусунун Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын, андан кийин 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1973-жылы СССР Илимдер академиясынын Максим Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.

Даутов эмгек жолун 1973-жылы Кыргыз Советтик энциклопедиясынын адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси кызматынан баштап, андан кийин Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы болуп иштеген.

1999-жылдан 2005-жылга чейин Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2007-жылдан тарта Ишеналы Арабаев атындагы университеттин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору болуп ишетеген.

Даутов «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамынын ээси, мындан сырткары Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланган.

28-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 33 844 кишиден аныкталды. СОVID-19дан 22 296 адам сакайып, 1329 киши көз жумду.