Бычак менен 23 жолу сайган. Шектүү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенип жатканда кармалды

Адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган тургун. Сүрөт: Ош ШИИБ

15-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан жеринен кармалды. Ал 23 жерине бычак сайылып каза болгон маркумду өлтүрүүгө шектелүүдө. Ош ШИИБнин ыкчам тергөө тобу тарабынан маркум экинчи топтогу майып экендиги аныкталган.

«10-август күнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургунунан телефон аркылуу кабар келип түшүп, анда кабарлаган тургун коңшусун белгисиз атуулдар подъезинде бычак сайып кетишкендигин билдирген», — деп жазылат Ош ШИИБнин билдирүүсүндө.

Аталган ведомствонун маалыматына ылайык, окуя болгондон бир апта мурун кармалган шектүү менен маркум батирде ичимдик ичип отурушуп, өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Андан соң шектүү үйдөн чыгып кетип, кайра бычак алып келген.

Окуя КЖБРге «адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, сот аны эки айга камоо чечимин чыгарды.