Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 43 126га жетти — жаңы 103 учур катталды

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 24-августка карата коронавирустун жаңы 103 учуру катталды — алардын арасында тогуз медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Жалал-Абад облусу — 29 (6 медкызматкер);

Бишкек шаары — 27 (1 медкызматкер);

Баткен облусу — 19 (2 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 8;

Ош облусу — 8;

Чүй облусу — 8;

Нарын облусу — 3;

Ош шаары — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 218 бейтап айыгып, бир киши көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сатистикасында COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 43 126га жетти — алардын ичинде 3 101 медкызматкер бар. Ал эми бейрасмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустун жеңил жана симптомус түрү менен 160 миңдей адам ооруп айыккан.

COVID-19ду жуктуруп алгандардын 36 615и сакайып, 1 057 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.