Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын маалымдады. Ал өлкө толук камтыйт.
«“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт», — деп билдиришти мамлекеттик комитеттен.
«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.
Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, 21-августта Бишкекте Алыкулов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Жол кесилиши» стационардык аппараттык-программалык комплексин куруу-монтаждоо иштери башталды.
Долбоордун экинчи баскычынын алкагында, жалпысынан 306 түйүндү аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу пландалууда. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн. Мындан тышкары ар кайсы түрдөгү үч миңден ашуун камераларды орнотуу пландалууда.
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кыталый компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.
Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltdнын расмий сайтында айтылгандай, кытайлык инновациялык компания билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.
Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.
Ал эми «Коопсуз шаардын» биринчи этабын Орусиянын «Вега» концерни ишке ашырган. Концерн Бишкекте жана Чүй облусунда 110 комплекс орноткон. Биринчи баскычтын жалпы баасы 35 млн долларды түзгөн.
Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети менен ЖКККББ «Коопсуз шаар» долбоору киргизилгенден кийин Бишкек менен Чүйдө жолдогу унаа кырсыктары жана коомдук жайлардагы кылмыштар «кыйла азайганын» айтып келишет.
Алардын маалыматы боюнча, Бишкекте программдык-аппараттык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктардын саны 72,2%га, ал эми Чүй облусунда эки эсе азайган.
«2019-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин Бишкек менен Чүй облусунун аймактарында АПКлар орнотулган жерлерде жол кырсыктардын саны болгону 64тү түзгөн, 2020-жылдын ушул мезгилинде жол кырсыктардын саны 53тү түзгөн, бул 17%га азыраак», — деп билдиришкен ведомстволордон.
Мындан тышкары, коомдук жайлардагы кылмыштар «кыйла» кыскарган.
2019-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыктарына караганда 2020-жылдын ушул эле жарым жылдыгында Бишкекте кылмыштардын саны 94%га азайган, ал эми Чүй облусунда — 92%га.
Бишкекте камералар жол кыймыл эрежелерин бузуунун жети түрүн аныктап, каттап турат.