4-ноябрда белгилүү америкалык актриса Шэрон Стоун «Курманжан Датка» тасмасынын Лос-Анжелестеги премьералык көрсөтүлүшүндө сөз сүйлөдү — ал кыргыз тасмасын «көрүнүктүү жана бирдиктүү» тасма деп атады.

Америкалык актриса «Курманжан Датканын» Лос-Анжелестеги премьерасында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз тасмасын көрүнүктүү жана азыркы көрүүчүгө керектүү тасма деп атады.

«Бул биз баардыгыбыз көрүшүбүз керек болгон тасма. Жашообузда биз кандайдыр бир эксперименттерди каалайбыз. Бул — көрүнүктүү тасма. Бул тасма — үй-бүлөдө кыз болсо аны кое берүү керек деп эсептелген доордун тарыхы. Бешенеге жазылган нерсени ишке ашыруу чечимине келген аял тууралуу тарых», — деди ал.

Актриса Алай ханышасы жөнүндөгү тасманын тарыхый тасма катары көркөм бирдиктүүлүгүн белгиледи.

«Жалпысынан бул тасма «тарыхый тасма» деген сөз айкашынын эмнени түшүндүрө тургандыгын көрсөтөт. Ал өзүнүн масштабында, өзүнүн бирдиктүүлүгүндө, өзүнүн костюмдарында, өзүнүн аткаруусунда, өзүнүн режиссерлук дебютунда тарыхый тасма», — деди Стоун.

«Курманжан Датканын» премьерасы Лос-Анжелесте 4-ноябрда өттү. Тасманын режиссеру Садык Шер-Нияздын айтымында, көрсөтүүнүн конокторунун арасында «Оскар» жана «Золотой глобус» сыйлыктарын тапшыра турган ассоциациялардын өкүлдөрү да болушкан.

Сүрөт: Akipress