2010-жылдагы революциянын катышуучуларынан турган «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын өкүлдөрү «Вечерний Бишкек» гезитинин каржы борбору — «Рубикон» компаниясынын улутташтырылышын талап кылышты. Басылма бул аракеттерди бийлик тарабынан жасалган басым деп атап жатат.

Бул акыркы он күндүн ичинде 2010-жылдагы апрель революциясынын катышуучуларынын «Рубиконду» улутташтыруу тууралуу экинчи жолку билдирүүсү — алар компаниянын акцияларынын 50 пайызы мурунку президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык деп эсептеп жатышат.

Анын негизинде «Айкөл Ала-Тоонун» мүчөлөрү «адилеттүүлүктү» талап кылып, «Рубикондун» акцияларынын жарымынын улутташтырылышын каалап жатышат — кыймылдын өкүлү Абдыкалык Абдыкаимов компаниянын акцияларынын калган 50 пайызы боюнча аларда эч кандай доомат жок экенин билдирди.

«Биз Кимди [негиздөөчүлөрдүн бири Александр Ким] билебиз, сыйлайбыз. Журналисттерди сыйлайбыз. Мында «Вечёрканын» журналисттерине каршы эч нерсе жок… Эл билиши керек, болгону биз акциялардын 50 пайызынын мамлекетке кайтарылып берилишин каалап жатабыз», — деп билдирди ал.

«Вечерний Бишкек» революциянын катышуучулары тараптан айтылган улутташтыруу жөнүндөгү билдирүүлөрдү бийликтин манипуляциясы деп эсептөөдө — гезит алгач басылманы «рейдерлик басып алуу аракетине» президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын тиешеси бар экендигин билдирген болчу.

«Чечимдерди апрель окуяларынын көзөмөлдөгү катышуучулары аркылуу түртүү ыкмасы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан активдүү пайдаланылган. Андан бери төрт жарым жыл өттү, бирок таасир этүү жолдору ошол бойдон калууда», — деп жазган «Вечерний Бишкек» революциянын катышуучуларынын алгачкы билдирүүсүнөн кийин.

Басылманын редакциясы бийлик учурда коомчулуктун пикирин «Рубикондун» акцияларын улутташтыруу маселеси тарапка алмаштыруу үчүн болгон аракетин көрүп жатат деп эсептөөдө — революциянын катышуучуларынын билдирүүлөрү, маалымат каражаттарындагы акчага жазылган макалалар, «акаевдик» жана «бакиевдик» деген ярлыктарды илүү.

«Өлкө башчысынын айланасындагылар «Рубикондогу» акаевдик же бакиевдик мүлктү улутташтыргылары келип жатабы? Улутташтырсын. Алгач мыйзамдын негизинде аларды тапсын, анан делитанттарга ылайыкталган ярлыктарды илбестен мыйзам боюнча улатташтырсын», — деп жазган гезит макаласында.

«Рейдерлик басып алуу»

24-сентябрда Биринчи май райондук соту «Рубикондун» акцияларынын жарымын мурунку негиздөөчүсү Александр Рябушкинге берүү чечимин чыгарган — анда «Вечерний Бишкек» ал чечимди президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштары тараптан, анын ичинде кеңешчиси Фарид Ниязов тараптан жасалган басым деп атаган.

Ниязовдун өзү соттун чечимине тиешеси жоктугун билдирген, а Рябушкин Kloop.kgге берген маегинде «Вечерний Бишкек» маселени саясатташтырып, соттун чечимине таасир этүү үчүн атайылап «чуу көтөрүп» жаткандыгын айткан.

«Алар соттун чечимине кыйыр түрдө болсо таасир этүү үчүн президентти, президенттин аппаратын тартууну каалап жатышат. Сот маалымат каражаттарынын Рябушкинди жайлап жаткандыктарын көрүп, демократия жана көз карандысыз маалымат каражаттары үчүн күрөшүп жаткандарды коргоо керек деген чечим чыгарат деп ойлоп жатышат», — деп билдирген ал.

Аны менен катар «Вечерний Бишкек» «рейдерлик басып алууну» президент Атамбаевдин өзү менен байланыштырбай эле.

«Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге берген маегинде эгер жогорку баскычтагы соттор Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул болуп, аны күчүндө калтыра турган болсо, ал жалпы компаниянын каржылык туруктуулугуна таасирин тийгизе тургандыгын билдирген.

«Редакциялык саясат жөнүндө айтсам, азырынча өзгөрүүсүз бойдон калат. Биз кандай гана окуя болбосун болушунча объективдүү чагылдырууга аракет кылабыз», — деген Маслова.