Башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары парламент имаратынын алдына митингке чыгышып, анын кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл албоо талабын айтышты.

Салянованын тарапташтары башкы прокурорду кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурлашкан деп ишенишет. Алар муну ири чиновниктерге карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу деп эсептешет.

«Биз колдоп гана койбостон бардык күчүбүздү жумшап, Салянованын эл үчүн иштеши үчүн башкы прокурор кызматында калтырышыбыз керек», — деп эсептейт Бишкектин жашоочусу Анара Качекбаева.

«Өтө өкүнүчтүү. Ал Кыргызстандын жалгыз үмүтү болчу. Эл Аида Жеңишбековнага ишенген. Эми ал үмүт жок», — деди акциянын катышуучусу Талант Акматов.

Тема боюнча: Парламент башкы прокурор Салянованын отставкасын колдоду