Бишкектеги курант сааттын үнү жаңыланды. Эми Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги чоң сааттын адаттагы үнүнүн ордуна комуздун коштоосундагы темир комуздун үнү жаңырып турат.

Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги курант сааттын жаңыланган үнү Бишкек мэриясы менен «Биринчи радио» тарабынан иштелип чыккан.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан сааттын жаңыланган үнү комуздун коштоосунда ойнотулган темир комуздун ыргактарынан турарын билдиришти.

Сааттын үнү Бишкектин 138 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата алмаштырылды.

Курант саат жайгашкан «Кыргызтелекомдун» имараты 1984-жылы курулган. Андагы сааттын үнү Москвадагы курант сааттын үнү менен жаңырып келген.