Жыл сайын өтүүчү эстрадалык ырлардын «Евровидение» сынагынын финалы 14-майда Стокгольмдо өтөт. Kloop.kgнин редакциясы сынакта жеңишке башкы талапкер болуп жаткан аткаруучулардын алдыңкы бештигин сунуштайт. 

Жыл сайын түрдүү талаш-тартыштар болуп келген «Евровидение» музыкалык сынагын «эбак эле саясатташып кеткен», деп эсептешет көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү. Бирок анын айланасындагы пикир келишпестиктерге карабастан сынакка катышкан өлкөлөр өз ырчыларын жөнөтүүнү улантып жатышат.

Быйыл сынакка 43 өлкө катышуу каалоосун билдирген, бирок финалга жолдомону 26 өлкөнүн гана аткаруучулары алышты. Алардын арасында алгачкы эки тандап алуу баскычынын жеңүүчүлөрү, «Чоң бештик» өлкөлөрү (Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франция) жана сынакты кабыл алып жаткан Швеция бар.

Сынактын эрежелери боюнча, анын жеңүүчүсү ага катышкан бардык өлкөлөрдүн жашоочуларынын добуш берүүлөрү аркылуу аныкталат. Kloop.kgнин редакциясы букмекердик коюмдардын жыйынтыктары боюнча алдыңкы саптарга жазылып, жеңишке жетүүгө башкы талапкер болуп жаткан беш аткаруучуну сунуштайт.

Орусия — Сергей Лазарев

Быйыл сынакка Орусиянын атынан «You Are The Only One» деген ыры менен  эстрада аткаруучусу Сергей Лазарев катышат. Мекенинде Лазарев репертуары негизинен англис тилиндеги ырлардан турган популярдуу ырчы болуп эсептелет. Чыгарманын динамикалуулугу жана шоу катары көрүнгөн аткарылышынан улам букмекер компанияларынын көбү орусиялык аткаруучуну жогору баалап жатышат.

Украинанын «UA: Первый» каналынын башкы директору Зураб Аласаниянын айтымында, Лазаревдин жеңиши Украинанын кийинки жылы сынакка катышуудан баш тартуусуна алып келиши мүмкүн.

Австралия — Дэми Им

Австралиянын «Еровидениеге» экинчи гана жолу катышып жатканына карабастан ал жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүгө жетишип отурат. Сынакка өлкөнүн атынан «Sound Of Silence» деген ыры менен түштүк кореялык ырчы Дэми Им  катышат. Ал X-Factor таланттар сынагынын катышуучусу катары белгилүү.

Украина — Жамала

Сынактын быйылкы катышуучуларынын эң көп талкууга алынганы Украинанын Жамала (Сусана Жамалидинова) аттуу аткаруучусу болуп калды. Анын крым татарларынын депортациясы жөнүндөгү «1944» деген ыры ар түрдүү реакцияларды жаратты. Орусиялык музыка сынчысы Артемий Троицкий ырды «саясатташкан» деп атап, аны сынакка катыштырбай коюулары мүмкүндүгүн божомолдогон. Бирок «Евровидениенин» уюштуруучулары ырчынын финалга чейин жетишине мүмкүндүк беришти. Букмекердик коюмдарга ылайык, ырчы көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында алдыңкы үчтүккө кире алат.

Франция — Амир

Франциядан «Евровидениеге» буга чейин «Голос» сынагынын франциялык версиясынын катышуучусу болгон  израилдик-француз ырчысы Амир Хаддад катышат. Анын өзүнө таандык болгон «J’ai Cherché» («Мен издегем») деген ыры Франциянын радиостанцияларында жаңырууда жана музыка сынчыларынын айтымдарында, ал хит болууга жетишкен. Жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү жогору деп бааланып жаткандардын тизмесинде Амир азыр бешинчи орунда.

Швеция — Франс

Быйыл өлкөнүн атынан сынакка «If I Were Sorry» деген ыры менен 17 жаштагы Франс аттуу аткаруучу катышат. Чыгарманын сахнада аткарылышы өзүнүн минималдуулугу менен айырмаланып турат — бул жолкусунда Швеция жөнөкөйлүккө басым жасап, чыгарманы аткарууда жасалгалар менен шоунун элементтерин пайдаланбай эле коюуну чечкен. Анын «фавориттердин» катарына киришине дал ушул өзгөчөлүгү мүмкүндүк бергендей. Франс өз өлкөсүндөгү 11 атаандашын артта калтырып, «Евровидениеге» катышуу укугуна ээ болгон.