Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедулы Орусияда даараткана тазалап жүргөн кыргызстандыктар жөнүндө айткан сөздөрү үчүн кечирим сурады. Анын сөздөрү казак жана кыргыз интернет колдонуучуларынын нааразычылыктарын жаратып, Кыргызстан тараптан нааразычылык нотасынын жиберилишине себеп болгон.

Мухамедулы 25-майда өзүнүн орун басары Галым Ахмедьяров аркылуу кечирим сурады — бул тууралуу «Тенгриньюз» басылмасы вице-министрдин катына шилтеме кылып билдирди.

«Министр анын сөздөрү туура эмес кабыл алынгандыгы үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайт. Биз дагы бир жолу министр Арыстанбек Мухамедулынын кыргыз элине чоң урмат-сый менен мамиле кыларына жана анын сөздөрүндө кимдир бирөөнү таарынтуу ниети болбогонуна ишендиргибиз келет», — деп жазган Ахмедьяров.

Ал өз катында министрдин сөздөрү «туура эмес кабыл алынгандыгын», а Мухамедулынын өзү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн кайталоо менен «бир тууган эки элдин тарыхы, дини, каада-салттары жана маданияты бирдей» экенин көрсөткөнүн жазган.

«Биз аябагандай чоң тарых менен маданиятка ээ, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттарды чыгарган кыргыз элин улуу тарыхый келечек жана экономикалык бейпилдик күтүп турганына ишенебиз», — деп жазылган Ахмедьяровдун катында.

Мухамедулы коомдун көңүл борборуна 23-майда Астананын жашоочулар менен болгон жолугушуусу маалында башка өлкөлөрдө төмөнкү жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга боору ачый турганын билдиргенден кийин чыккан.

«Москвага же дагы башка шаарларга барганда коомдук даараткананы жаш кыздар, биздин кошуналар тазалап жатканын көрүп аларга бооруң ачыйт», — деген ал.

Министрдин ал айткандары кыргыз соцтүйүн колдонуучулары менен маалымат каражаттары, ошондой эле казак окурмандары тарабынан катуу сынга алынган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мухамедулынын сөздөрүн «кемсинтүүчү» деп атап, Казакстандын бийлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн.

«А.Мухамедиулынын Кыргызстан коомчулугунун терс пикирлерин жаратып жаткан Кыргыз Республикасына карата айткан кемсинтүүчү жана салмакталбаган билдирүүсү жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилеге ылайык келбей тургандыгы белгиленди», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Казак министринин сөздөрүнө карата кыргыз депутаттары Рыскелди Момбеков (КСДП) менен Алмамбет Шыкмаматов (Ата Мекен) дагы реакция кылышып, Казакстандын өкмөтүнө Мухамедулыны ээлеген кызматынан бошотуу талабы менен кат жөнөтүүнү сунушташкан.