Балыкчы — Корумду унаа жолун куруу үчүн Ысык-Көл облусунун бийлиги Раппопорт аллеясын кыйып баштады.

Ысык-Көлдүн түндүн жээгинде жайгашкан Раппопорт аллеясындагы бактарды массалык түрдө кыюу 2-июнда башталган.

Ысык-Көл аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Марат Кулатаев Kloop.kgге бактар Балыкчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү үчүн кыйылып башталганын билдирди.

«Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Андагы бактар Илимдер академиясынын Токой институту тарабынан текшерилген. Алар бактардын карыганын жана аларды алып, ордуларына жаңыларын отургузуу керектиги жазылган маалымкат беришти», — деди ал.

Rappoport-1

Анын айтымында, андагы бактардын бардыгы тең кыйылат. Жалпысынан аллеяда алардын саны 705ти түзөт.

«Эки тилкелүү жол болот, ортосуна жана эки жээгине бактар отургузулат. Мунун бардыгы транспорттордун өтүүсүн жеңилдетүү үчүн жасалууда. Бактарды көбү чириген, шамал маалында алар кулап, авариялык абал жараткан учурлар болгон. Ошондуктан бактарды кыйып, жаңыларын отуругузуп, аларды өстүрүү зарыл болчу», — деди ал.

Кулатаев азырынча бактарды кыюу иштеринин качан аяктай тургандыгы белгисиз экенин кошумчалады.

Токой институтунун директорунун милдетин аткаруучу Нурсултан Чынгожоев Kloop.kgге бактар кыйылгандан кийин жаңы курулган жол жээктерине жаңы бактардын отургузула тургандыгын айтты.

«Ал жерге барып текшерип келишкен комиссия мүчөлөрү, илимий кызматкерлер бактардын биологиялык жактан зыянга учурагандыктарын, түрдүү ооруларга чалдыгууга ийкемдүү болуп, кулап кетүү менен жергиликтүү жашоочулар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүндүгү жазылган анализ беришти», — деди ал.

Чынгожовдин айтымында, эгер бактарды сактап калууга мүмкүн болгондо, алар ал мүмкүнчүлүктөр менен пайдаланып калышмак.

«Эгер бактар оорубаган болсо жана жолду кеңейтүүдөн улам пайда болгон бактарды кыюу зарылдыгы болбогондо, биз алардык сактап калууга же казып барып башка жерлерге отургузууга бардык аракеттерибизди көрмөкпүз. [Бирок] бактар механикалык жактан, ошондой эле биологиялык жактан да зыянга учураган, алар куурап калып, шире чыгаруу болбой эле», — деди ал.

Эколог Эмил Шүкүров аллеяны кыюуда «коммерциялык кызыкчылыктар» бар деп эсептейт.

«Бактардын баарын коюу таптакыр максатка ылайык эмес. Эмнеге кокустан эле аллея толугу менен жараксыз болуп калды? Бул коммерциялык максаттардан улам ойдон чыгарылган нерсе. Мен ал жерде өткөн жылы болгом, алардын дүмүрлөрүнүн абалын көрүп келгем. Алар таптакыр чириген эмес болчу», — деди ал.

Шүкүров жолду кеңейтүү үчүн Раппопорт аллеясын кыйбастан эле башка жер табууга болот деп эсептейт.

«Албетте, алар жаңыларын отургузабыз деп айтышат. Эгер алардын ошончолук эле жаңы бактарды отургузулары келип жатса жол жээктеринде аянттар толтура го. Эмнеге алар ошол аймактарды жашылдандырышпайт? Бирок антпестен Раппопорт аллеясын кыйып башташты», — деди эколог.

Аллеяны кыюу

Раппопорт аллеясын кыюу маселеси 2016-жылдын мартында, качан өкмөт Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоо иштерине киришкенден кийин талкууланып баштаган. Анда бактар жолду кеңейтүү үчүн кыйыла тургандыгы кабарланган.

Токой институту эски теректердин ордуна ири бак-дарактардан турган үч тилкелүү аллеяны түзүүнү сунуштаган. Мекеме өкүлдөрүнүн пикирлеринде, анткени Раппопорт аллеясындагы бактар «жакынкы үч-беш жылдын ичинде түрдүү ооруларга чалдыгышы мүмкүн».

Белгилүү аллеяны кыюу идеясы кыргызстандыктардын арасында көптөгөн нааразычылыктарды жараткан. Алар жолду бактарга зыян келтирбестен эле төшөөгө мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев аллеяны сактап калууну жана жолду бактарга зыян келтирбестен кеңейтүүнү тапшырган.

Кийинчерээк өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү куураган бактарды гана кыйа тургандыгын, алар жалпы аллеянын 40-50 пайызын түзөрүн билдирген.

Сүрөт: АКИпресс