Токой институтунун эксперттик комиссиясы Раппопорт аллеясын кыйып, анын ордуна жаңы бактарды отургузууну сунуштап жатат. Премьер-министр аллеяны ордунда калтырууну тапшырган. Азырынча бир дагы бак кыйыла элек.

Токой институтунун эксперттик комиссиясы Раппопорт аллеясынын ордуна үч тилкелүү жаңы аллея түзүү сунуштап жатат — бул тууралуу Kloop.kgге институттун төрагасы Нурсултан Чынгожоев билдирди.

«Биз […] эскисин алып, анын ордуна ийне жалбырактуу жана токой породаларынан, ошондой эле балдардан турган ири көлөмдөгү бактарды отургузуу менен үч тилкелүү жаңы аллея түзүү боюнча сунуштама бердик», — деди ал.

Чынгожоев Раппопорт аллеясындагы бактар эски экенин жана аларды кыйбаса каалаган маалда кулап кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Алардын мөөнөтү аяктады. Алар механикалык, ошондой эле биологиялык жактан да бузулган. Аны менен катар өсүүсү начарлап, функциялары менен өз касиеттерин аткара албай калышты», — деди ал.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги аллеянын келечеги тууралуу маселе ал аркылуу өткөн Тамчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү иштери башталгандан кийин көтөрүлгөн.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев Раппопорт аллеясын кыйбай, жолду кеңейтүүнүн башка варианттарын караштырууну тапшырган.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Назира Ахмедова Kloop.kgге азырынча Тамчы — Корумду унаа жолун Раппопорт аллеясына зыянын тийгизбестен кеңейтүү маселеси чечиле электигин, анын үчтүнөн эксперттик комиссия иштеп жатканын билдирди.

Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун оңдоо үчүн жарыяланган тендерде учурда жолду оңдоо жана көпүрөлөрдү куруу менен алектенип жаткан «Лонг Хай» кытай корпорациясы жеңип чыккан.

Келишим 6 миллиард 800 миллион сомдон бир аз ашыгыраак суммага түзүлгөн. Тамчы — Корумду тилкесиндеги оңдоо иштерин 2016-жылдын 1-августуна чейин, а Балыкчы — Тамчы тилкесин 2017-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Өкмөт менен транспорт министри Аргынбек Малабаев тендер мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн деп эсептеп жатышат.

Бул боюнча министрлер кабинети иликтөө жүргүзүп, Транспорт министрлигинин жетекчилиги тендерди өткөрүүдөн «өз алдынча четтегенин» билдирген. Өз кезегинде Малабаев мыйзам бузууларды Сариев менен анын жакын санаалаштары жашырган деп билдирди.

Раппопорт аллея Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаары менен Бактуу-Долоноту айылынын ортосундагы жолду жээктей жайгашканн. Аллея асыл тукум жылкы заводунун жумушчулары тарабынан 1934-жылы тигилген, а бактарды отургузуу ал заводдун алгачкы директору Леонид Раппопортко таандык болгон.

Видео: Дмитрий Мотинов жана Александра Ли