Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Ош милициясынын 431 млн. сомго жарыяланган тендерин жокко чыгарды. Мекеме тендер жарыясынан «коррупциялык латын тамгаларын» таап чыккан «Акчабар» экономикалык басылмасынын материалы жарыялангандан кийин ушундай чечим кабыл алды.

Ош милициясы 431 млн сомго бааланган турак-үйдүн курулушу боюнча тендерин кайрадан жарыялайт. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев алгачкы жарыяланган тендер жарыянын аталышында латын тамгалары пайдалангандыктан улам жокко чыгарылганын айтты.

«Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жарыянын аталышында латын тамгаларынын пайдаланылгандыгын түшүндүрүп берүү талабы менен Ош шаардык ИИБсине сурам жөнөткөн. Түштүк борбордун ички иштер башкармалыгы тараптан оңдуу жооп болбогондуктан тендерди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды», — деп жазды «Акчабар» Даникеевдин айткандарын.

Басылманын маалыматы боюнча, тендер «Ош милициясы «коррупциялык латын тамгаларынын» жардамы менен 431 млн сомдук тендерди жашырган» деген макала жарыялангандан кийин токтотулган.

Ал макалада Ош милициясы тендерди издөө системасы аркылуу табылбагандай кылып, анын аталышын жазууда кантип латын тамгаларын пайдалангандыгы жөнүндө айтылган.

«Акчабар» макала учурда ИИМдин жеке коопсуздук кызматы башкармалыгы алектенип жаткан тергөөнүн башталышына себеп болгонун жазууда.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору басылмага курган маегинде мекеме тендер аталыштарында латын тамгаларынын пайдаланууга тыюу салуу чечимине келгенин билдирген.

«Бул маселе КРдин Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин деңгээлдеринде көтөрүлгөн. Тендер жарыялоодо алардын аталыштарында латын тамгаларына тыюу салуу маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды», — деп билдирген Даникеев «Акчабарга».

Буга чейин Kloop.kgнин журналисттери курулуш иштери үчүн жарыяланган тендерлерди жашырган Чоң-Алай райадминистрациясынын жарыя аталыштарындагы латын тамгаларын таап чыгышкан. Ал тендерлерди сынактын жарыяланаарына 15 гана күн калганда каттоодон өткөн бир эле компания утуп алган.

Тендерлерди утуп алган компаниянын өкүлдөрү 500 доллар өлчөмүндөгү демөөрчүлүк колдоо үчүн сайтка жарыяланган макаланы өчүрүп салууну сунушташкан, бирок редакция ал сунуштан баш тарткан.

Коррупциялык латын тамгалары боюнча алгачкы макала Kloop.kgге 2014-жылдын декабрында жарыяланган. Журналисттер иликтөө жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында Билим берүү министрлиги 167 млн сомдук тендерди жашырганын таап чыгышкан.

Материал жарыялангандан кийин министрлик тендер жарыясынын аталышын өзгөртүп жазып, андагы латын тамгаларын өчүргөн. Ошондой эле макаладан кийин мекеменин мамлекеттик сатып алууларын өткөрүүгө жооптуу болгон кызматкери жумуштан четтетилген.