19-июнда КМШ өлкөлөрүнүн аймагында популярдуу болгон беларуссиялык «Iowa» тобу Бишкекте ырдады. Концертке топтун чыгармачылыгынын эки миңге жакын күйөрманы келди. Kloob деген аталыштагы жаңы долбоор концерттин кандай өткөндүгү жөнүндө айтып берет.

Инди-поп жанрында ырдаган Iowa поп-тобу Бишкекте 19-июнда концертин берди.

Бир нече жылдын ичинде эле КМШ өлкөлөрүндө күйөрмандарын топтой алган беларус музыканттарынын бир жарым саатка созулган концертине миңден ашык киши келди.

Көрүүчүлөрдүн өзүлөрү белгилешкендей, артисттердин концерти алар күткөндөй болду. Топ бишкектиктер үчүн жандуу жана бийлөөгө ыңгайлуу ырлардан турган концерттик программа даярдап келген.

Концерт башталгандан аягына чейин көрүүчүлөр кол чабышып, бийлеп жана ырчыларды коштоп ырдап турушту. Топтун солисти Екатерина Иванчикованын өзү ар бир ырдан кийин зал менен сүйлөшүп, аларды өз энергетикасы менен жандантып турду.

Көп түстүү жарык берүү жабдуулары менен музыканттардын оригиналдуу костюмдары концертке өзгөчөлүк тартуулады — топтун солисти индеецтердин куш жүнү тагылган баш кийимин кийип алып жүрдү.

Концерттин уюштуруучусу Даниил Мишиндин айтымында, концерт «абдан жакшы болду». Ал артисттер белгиленген убактан да узак ырадашканын кошумчалады.

«Алар белгиленген убактан бир топ эле узак ырдашты. Концерттен кийин өзүлөрү билдиришкендей, анткени аларга биздин публика абдан жагыптыр», — деди ал.

Иванчикованын өзү инстаграм-аккаунтунда шаардын меймандостугун белгилеп, көрүүчүлөр менен уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Бишкек — жер шарындагы эң меймандос шаар. Бул кечти уюштургандардын баарына рахмат, биз бир тилде сүйлөштүк», — деп жазды ал.

Видео: Азат Рузиев жана Тилек Бейшеналиев