Президент Алмазбек Атамбаевдин чыгармачылыгына таасирленген кыргызстандыктар анын «Судьбе назло» ырын ырдай башташты. Президенттин чыгармасын аткаргандардын арасында — эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев, Салтанат Аширова, рэпер Медер Ырсалиев жана мультфильм каарманы Коб бар.

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Судьбе назло» деген аталыштагы алгачкы ыры интернетке жарыялангандын эртеси эле популярдуу болуп калган — бир сутканын ичинде анын видеосун 50 миңден ашык жолу көрүшкөн, а бир канча күндөн кийин аны профессионал ырчылар да аткарып башташкан.

Орусиянын «Башкы сахна» теледолбоорунун финалисти, кыргыз эстрада аткаруучусу Кайрат Примбердиев Атамбаевдин ырын «Таңкы бешинчи» берүүсүнүн эфиринде лирикалык стилде ырдады.

Кийинчерээк интернетке аткаруучу Медер Ырсалиев менен «Rap View — Обзоры в речитативе» долбоорунан ырдын рэп-версиясы жарыяланды.

Ырчы Салтанат Аширова твиттер-аккаунтуна Атамбаевдин ырын гитара менен ырдап жаткандыгы тартылган кыска видеосун жайгаштырды.

Художник-аниматор Төлгөбек Койчуманов тарабынан ойлонулуп чыгарылган мультфильм каарманы да Атамбаевдин ырын аткарды.

Тема боюнча: Атамбаев өз ырларынан турган альбом жаздырууда

Пландалган акциябы же чыгармачылыкпы?

Коммуникациялар жана коомчулук менен байланыш боюнча адис Гүлнура Төралиева интернетте Атамбаевдин ырынын пайда болушун президенттин командасы тарабынан пландалган акция деп эсептейт.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин командасында иштеген Төралиева Kloop.kgге курган маегинде адатта мындай нерселер өзүнөн өзү болбой тургандыгын айтты.

«Мен муну коомчулук көңүлүн башка нерсеге буруу үчүн жасалып жатат деп ойлобойм. Албетте, президенттин командасы убакытты тандап алган. Эгер байкасаңыздар, биринчи ыры ишемби күнү чыкты. А азыр жайдын ортосу, адамдар эс алып жатышат, азыр алар көбүнчө позитивдик маалыматтарга жакын», — деп түшүндүрдү ал.

Төралиева президенттин чыгармачылыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, жалпы эле Кыргызстанга көңүл бурдуртканын кошумчалады.

«Аябагандай көп орусиялык жана чет өлкөлүк веб-сайттар кыргыз, өзбек жана казак аудиторияларынын реакциялары жөнүндө жазып чыгышты. Алар президенттин юбилейине, көчмөндөр оюндарына жана жалпы туристтик сезонго көңүл бурдурууда», — деди ал.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Авланбек Жумабаев Атамбаевдин ырлары белгилүү бир максаттарда жаздырылган деп эсептебейт. Анын пикиринде, президент башка бардык эле адамдардай эле өз чыгармачылыгы менен бөлүшүүдө.

«Мен муну [пиар кылуу] максатында жасалды деп ойлобойм. Бир же бир нече ыр менен коомду кандайдыр бир көйгөйлөрдөн алаксытууга мүмкүн эмес, ал үчүн көптөгөн маалыматтык шалтоолорду тапса болот. Эгер пиарчылардын кимдир бирөө муну менен коомду алаксытууга мүмкүн деп ойлоп жатса — бул чоң жаңылыштык», — деди Жумабаев Kloop.kgге курган маегинде.

Анын пикиринде, Атамбаев өзү тууралуу эстелик калтыруу үчүн ырларын жаздырууда.

«Менимче, президент дагы башка каалаган адамдар сыяктуу эле өзүн көрсөтүүгө укуктуу, кантсе да бул юбилейи, 60 жаш, кандайдыр бир жыйынтык, сереп салуу […] Эгер ал качандыр бир кездерде чыгармачылык менен алектенип жүргөн болсо, анда ал азыр аларды топтоп, ушундай жыйнак кылып чыгара алат», — деп кошумчалады Жумабаев.

Автор: Анастасия Шевцова