Оштун тургуну Мээрим Каракозиева эки жылдан бери бизнес менен алектенет — ал батирлерди ижарага алып, аларды хостелге ылайыкташтырып жасап туристтерди кабыл алат. Мээримдин кулагы укпайт, ошондуктан ал кардарлары менен мессенджерлер жана тактага жазуу аркылуу сүйлөшөт.

Оштун тургуну Мээрим Каракозиеванын 3-классынан бери кулагы укпайт. Ал туристтерге бөлмөлөрдү ижарага берүү менен акча табат. Алгач ал бир эле бөлмөдөн баштаган, учурда үч бөлмөнү ижарага берет.

Өткөн жылы мээрим 100 миң сом грант утуп алган — бул ага бизнесин кеңейтүүгө мүмкүндүк берген.

Ал өзү туристтер менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болбой турганын айтууда. Алар менен жеңил маектешүү үчүн ал жакында эле англис тилин үйрөнгөн.

«Биз бул жерге такта илип койдук. Эгер аларга бир нерсе керек болсо ошол жерге жазышат, мен ошол эле жерге жазып жооп берем. Ошондой эле социалдык түйүндөр, вотсап аркылуу сүйлөшөбүз», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Ал Кыргызстанда майыптарга кыйын экенин, ошондуктан бизнес менен алектенүүнү чечкенин кошумчалады.

«Майыптарга жумуш табуу кыйын. Эгер табылса да аз акча төлөшөт. Ошондуктан акча иштеп табуу абдан кыйын. Аларга бизнес ачуу да кыйын, анткени банктар майыптарга акча беришпейт», — деди Каракозиева.

Мээрим келечекте жеке мейманканамды курсам деп кыялданат.

«Келечекте анча чоң эмес хостел курсам дейм. Бул батир өтө эле кичинекей. Мында көп адамдар турган топторду жаткыра албайбыз. Азыр биз 10дон ашпаган кишиден турган топторду кабыл алабыз», — деп кошумчалады ал.