Белгисиз адамдар Сүлүктүнүн борборуна илинген кыргыздын улуттук кийимдери жана паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү көрсөтүлгөн жарнактардын бирин өрттөп кетишти. Милиция өрттөгөндөрдү «бейбаштык» үчүн жазалай тургандыгын убадалоодо.

Окуя 25-июлда Сүлүктүнүн борборунда болгон — белгисиз адамдар «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген чакырыктын коштоосунда кыргыздын улуттук кийимдери менен паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү тартылган жарнакты жулуп кетүүгө аракет кылышып, андан соң аны өрттөп жиберишкен.

Окуяга күбө болгон Сүлүктүнү жашоочусу Каухар Kloop.kgге жарнакты бир нече киши өрттөгөнүн айтты.

«Менимче, бул динчил адамдардын кылганы, (өрттөөнүн) катышуучулардын көбү сакалчан болушкан», — деди ал.

Милиция кызматкери Айбек Бекболотов Kloop.kgнин кабарчысына жарнакты өрттөгөндөр Кылмыш кодексинин 234-беренеси менен каралган «бейбаштык» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын айтты. Аталган беренеге ылайык, алар үч жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылышып же 10 миң сомдон 25 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендирүүлөрү мүмкүн.

Мындай жарнактардын каршылаштары бул сыяктуу аракеттерге алгачкы жолу барышкан жок — июлдун ортосунда белгисиз адамдар Бишкектин Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарнактардын бирин жулуп алууга аракет кылышкан.

Талаш жараткан жарнактар

Кыргыз кыз-келиндеринин улуттук кийимдерди жана паранжа кийген сүрөттөрү көрсөтүлгөн жана «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген суроо менен коштолгон жарнактар Бишкекте 12-июлдан 13-июлга караган түнү пайда болгон. Мэриядан аларды илүүгө «Кыргызстандын патриоттору» аталышындагы агартуучулук фонд буйрутма бергенин билдиришкен.

«Мэрияда жарнак такталарын ижарага бергендер жөнүндө гана маалыматтар бар […], жанагыл такталар жөнүндө айтсам, мен болгону алар «Кыргызстандын патриоттору» деген агартуучулук фонддун буйрутмасы менен жайгаштырылганын билем», ‒ деп билдирген мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.

Теолог Кадыр Маликов менен Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы жарнактардын мазмунун сынга алып, аларды «чагымчыл» деп аташкан. Маликов укук коргоо органдарын ал жарнактарда дин аралык кастыкты козутуунун бар-жоктугун текшерип чыгууга чакырган.

Президент Алмазбек Атамбаев жарнамаларды илүү идеясын колдоп, Ангела Меркель менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында андай жарнамаларды Кыргызстандын бардык аймактарына илип чыгууну тапшырганын билдирген.

«Бул исламизация эмес, келгиле араб, пакистан, бангладеш жана башка үчүнчү маданиятты кыргыздыкы менен адаштырбайлы», — деген президент.

Президенттин билдирүүсүнөн кийин улуттук кийимдер менен паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү тартылган жарнамалар Кыргызстандын бардык аймактарына илинген.

Автор: Зияра Асылбекова, Бегимай Исаева.