Анталия шаарынын Республика аянтында өткөн өкмөттү колдоо митинги маалында жарылуу болду. ЖМКлар эки киши жаракат алганын билдиришүүдө.

CNN Turk телеканалы Анталия шаарынын курорттук аянтындагы жарылуу 3-август күнү кечинде, президент Реджеп Тайып Эрдоганды колдоо митинги өтүп жатканда болгонун билдирүүдө.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, аянтта колго жасалган жардыруу заты жарылып, анын майда чачырандыларынан эки киши жаракат алган.

Телеканалдын маалыматы боюнча, алар жеңил жарааттарды алышып, ооруканага жеткирилишкен.

Жарылуудан кийин чогулгандар арасында дүрбөлөң башталганы менен Эрдоганды колдоо митинги андан ары уланды, деп жазды Анталиянын жергиликтүү маалымат агенттиги.

Жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүсүндө полиция тергөө иштерин баштагандыгы, а бийлик элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакыргандыгы жазылган.

Бул аптада Түркиянын ар кайсыл шаарларында өлкө бийлигин колдогон жана 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракетин көргөндөргө каршы акциялар өтүп жатат. Жыйынтыктоочу акция 7-августта Стамбулда болот, ага президент Эрдогандын өзү катышат.

Түркияда акыркы жарылуу июндун аягында, Стабулдагы Ататүрк аба майданында болгон. Анда эл аралык терминалдын кире беришиндеги аткылоолор менен жарылуулар 42 кишинин өмүрүп алып, 200дөн ашыгы жарадар болушкан.

Стабулдун адамдар көп жүргөн бөлүктөрү бир канча жолу чабуулдарга кабылган — июндун башында Стамбулдун батышында жайгашкан Беязыт кварталындагы автобус аялдамасынын жанында 11 кишинин өмүрүн алып кеткен жардыруу болгон, а 2016-жылдын майында колго жасалган бомба шаардын азия бөлүгүндөгү көпүрө алдында жарылган.