Сариев бийликти Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сын пикирлерди эске алууга чакырды

Экс-премьер-министр Темир Сариев ачык кайрылуу жасады. Анда ал демилгечилерди Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу сын пикирлерди жана көз караштарды эске алууга чакырган.

Сариев өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасында парламент фракцияларынын лидерлерине кайрылуу жасады. Анда ал киргизиле турган өзгөртүүлөргө байланыштуу бардык көз караштарды эске алуу керектигин жазган.  

«Реформаны колдогондор бар жана ага каршы болгондор бар. Муну моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан, Баш мыйзамды талкуулоодо акыйкаттык, объективдүүлүк жана ачыктык камсыздалышы керек. Салабаттуу коомдук-саясий күчтөрдүн, бул багыттагы компетенттүү адистердин пикирин угушубуз керек», —деп жазган ал.

Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуунун ишке ашпай калышынын бир нече жүйөсүн келтирди.

Мурдагы өкмөт башчынын ою боюнча, 30 күн ичинде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууну өткөрүп, сунушталган варианттарды жана ага болгон сын пикирлерди карап чыгыш кыйын.

Коомдук талкуунун ачык өтүшү үчүн Сариев убактылуу орган түзүнүү сунуштады — ал Баш мыйзамдык кеңеш, анын мүчөлүгүнө бийлик өкүлдөрү гана кирбестен, оппозициянын өкүлдөрү жана эксперт-укукчулар да кирмек.

«Ушундай болгондо гана бүтүн эл катышкан талкуу ишке ашты деп эсептесе болот. Ал эми Баш мыйзамдын сапаты жогорулайт», — деп жазган ал.

Тема боюнча: Нурбек Токтакунов: Эмнеге Конституцияны өзгөртүү Кыргызстанда диктатордук режимди орнотот? 1-бөлүк

Буга байланыштуу өзгөртүү киргизүү мыйзамынын демилгечилеринин бири — КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүкулов 24.kgге курган маегинде Баш мыйзамдык кеңеш түзүүнүн зарылчылыгы жок деген пикирин билдирген.   

«Маселе бүтүндөй Баш мыйзамды жазып чыгууда эмес, болгону анча көлөмдүү эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө болуп жатат. Анын бары жеткиликтүү. Каалагандар кирип, талкууга катышып, өздөрүнүн сунуштарын киргизишсин, конструктивдүүлөрүн биз карап чыгабыз. Бизде октябрдын аягына ноябрдын башына чейин убакыт бар», — деди ал.

Тема боюнча: Атамбаевдин администрация жетекчисинин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча курган маегинен эмне белгилүү болду?

Беш фракциянын лидерлери Баш мыйзамга референдум аркылуу өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.  

Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча: премьер-минстрдин ыйгарым укуктары кеңейтилет; соттор тыңшалат; «жогорку баалуулуктар» нормасы киргизилет. Андан тышкары премьер-минитр жана анын орун басары өкмөт тараганда парламенттеги ордун сактай алышат.  

Тема боюнча: Башмыйзамга өзгөртүүлөр: Текебаев референдумга каршы, бирок премьер-министрдин ролунун күчөшүн колдойт

Мыйзам долбоорун карап чыгууга бир ай убакыт бөлүнгөн, андан кийин референдум өткөрүлөт.

Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр жарыяланышы менен юристтер, коомдук активисттер жана айрым депуттар тарабынан сынга алынды. Өзгөртүү киргизүүгө жана референдум өткөрүүгө каршы болгондор тийиштүү жүйөлөрүн айтышууда.