Өзбек милиционерлери Унгар-Тоодон чыга элек

Бир апта мурда тактала элек аймакка түшүрүлгөн жети өзбек милиционери Унгар-Тоодон чыга элек. Кармалган төрт кыргыз инженери да азырынча бошотула элек.

«Кербен» ретрансляция станциясынын төрт кыргыз инженерин Өзбекстандын милициясы кармап кеткенден бери Унгар-Тоодогу абал өзгөрүүсүз.

«Өзбек милициясы тарабынан негизсиз кармалган биздин жарандарыбызды алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин өкүлдөр өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө», — деди Kloop.kgге Чек ара кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева.

Өзбек милициясы 24-августта кармап кеткен Кыргызстандын жарандарын «мыйзам бузгандар» деп атап, андан соң Унгар-Тоонун аймагы Өзбекстанга карайт деп жарыялаган.

Чоколоеванын кошумчалашынча, жети өзбек милиционери дагы деле тактала элек аймакта жүрөт — алар Унгар-Тоого бир апта мурда 22-августта түшүрүлгөн.

Чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, Өзбекстан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын жанындагы милиция постторун алып таштоону талап кылууда. Кыргызстан болсо аталган аймакта аскер адамдарынын санын көбөйткөн.

Унгар-Тоодогу абал кыргыз парламентинин талкуу темасына айланат — бул маалымат комитет отурумунда жабык тартипте угулат.

Талаштуу аймакта Кыргызстандын «Кербен» ретрансляциялык телемунарасы жайгашкан. Кыргызстандын мамлекеттик байланыш агенттиги кабарлагандай, ал дизелдик генератор менен жабдылган. Эгерде электр энергиясы өчүрүлө турган болсо, станция штаттык режимде иштей бермекчи.

Тема боюнча: