Мамлекеттик байланыш комитети: Унгар-Тоодогу телемунара өзбек тарап электр энергиясын берүүнү токтотуп койсо да иштөөнү уланта берет

«Кербен» телемунарасы өзбек тарап электр энергиясын берүүнү токтотуп койсо да иштөөнү уланта берет. Бул тууралуу 26-августта Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети билдирди.

Кыргызстандын теле жана радиоберүүлөрүн көрсөтүү «Кербен» ретрансляциялоочу мунарасында штаттык режимде иштеп жатат. Мунара Кыргызстандын түштүк облустарын тейлейт.

Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети электр энергиясы өчүрүлгөн күндө да телефондук, уюлдук байланыш жана интернет үзгүлтүккө учурабай тургандыгын билдирди.

Мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Назира Турдалиева билдиргендей, аталган станцияда электр энергиясынын резервдик системасы бар.

«Чукул кырдаалдарда ал жерде (ретрансляциялык мунарада) автоматтык түрдө өзү иштей баштоочу дизелдик генераторлор ишке киришет», — деди ал.

Турдалиеванын айтымында, мамлекеттик комитет телемунарада жабдуулары жайгашкан «Кыргызтелеком», «Скай Мобайл», «Альфа Телеком» жана «Нуртелеком» байланыш операторлору менен жолугушкан.

Операторлор менен жолугушууда «Кербен» станциясы такталбаган аймакта тураары жана Өзбекстан электр энергиясын берүүнү токтотсо электр энергиясы менен камсыздоочу авариялык система бар экендиги билдирилген.

Тышкы иштер министрлиги 26-августта өзбек милициясы кармап кеткен төрт кыргыз инженерин бошотуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын билдирген.

«Кыргызстан жана Өзбекстандын элчилигинин кызматкерлери Абдумиталип Урманов, Урмат Бердалиев, Жеңиш Ташматов жана Нурбек Усупбаевди мекенине кайтаруунун үстүндө иштеп жатышат. Азыр сүйлөшүүлөр дипломаттык кызматтардын деңгээлинде жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева Kloop.kgге чек арадагы абал азырынча өзгөрүүсүз экендигин билдирди.

Өзбек тарап 25-августта кармалгандарды «мыйзамсыз» деп атап, андан соң талаштуу аймакты өзүнүкү деп жарыялаган. Телемунаранын төрт инженерин 23-августта өзбек милициясы кармап кеткен.

Талаштуу аймактар

Азыркы чыңалуу Кыргызстандын милициясы 13-августта Ала-Бука районунда өзбек милиционери чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек милиция кызматкерин колго түшүргөндөн улам келип чыкты.

Милиционер кармалгандан тогуз күндөн кийин талаштуу аймакка Ми-8 тик учагы менен Өзбекстандын жети милиция кызматкери түшүрүлгөн. Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр болгон кечте эле өзбек милиционерин бошотушкан.

Өзбекстан менен чек арага байланыштуу талаштар СССР кулагандан бери бүтпөй келет: эки өлкө чек ара сызыгы кайсы жерден өтүшү керектиги тууралуу бир пикирге келе алышкан жок.

2016-жылдын март айында талаштуу аймакта Өзбекстан менен мамилелер чыңалуу абалына келди. Кыргызстан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына өзбек адистерин өткөрбөй койгондон кийин эки тарап аскерлерин жана бронетехникаларын коюшкан.

Аскерлер чек арада эки өлкөнүн чек ара башчылары аскердик техника жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашканча бир жумадай турушкан.

Тема боюнча:

Сүрөт: K-News